Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:01

АКШ Газага гумжардамды тездетүү үчүн пирс кура баштады


Газа.
Газа.

Кошмо Штаттар Газа секторунун жээгине пирс кура баштаганын Пентагон билдирди. АКШнын Коргоо министрлигинин 25-апрелдеги маалыматына караганда, пирс май айында ачылып иштей баштайт жана ал анклавга гуманитардык жардам жеткирүүнү тездетет.

АКШ президенти Жо Байден пирс куруларын март айында айтып, Израилди Газага гумжардам жеткирүү шарттарын жеңилдетүүгө, коопсуздукту камсыз кылууга чакырган.

The Guardian басылмасынын маалыматына караганда, убактылуу пирсти жана дамбаны америкалык аскерлер курушат, деңиз аркылуу алгач күнүнө оор жүк ташуучу 90 машина, андан кийин 150 машина жеткирилип турат деп болжолдонууда.

18-апрелде БУУнун Коопсуздук кеңешинде сүйлөп жатып башкы катчы Антониу Гутерриш Израилдин Газадагы чабуулдары сектордогу камалоодо калган жай тургундар үчүн "гуманитардык тозок" жаратканын айткан.

Израил Газадагы операциясын былтыр октябрда ХАМАС тобу (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган) кол салып, 1200дөй кишини өлтүрүп, 250гө жакын кишини барымтага алып кеткенде баштаган.

Согуш башталгандан бери сектордо каза тапкандар 34 миңден ашканын ХАМАС көзөмөлдөгөн саламаттык сактоо мекемеси билдирүүдө, курмандыктар 32 миңден ашуун экенин БУУ да тастыктаган.

АКШ, Катар жана Египет аркылуу жүрүп келаткан сүйлөшүүлөрдөн майнап чыга элек. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG