Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:57

БШК депутат Максатбек Сарбагышевди мандатынан ажыратты


Максатбек Сарбагышев
Максатбек Сарбагышев

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 25-апрелде кезексиз жыйынга чогулуп, Жогорку Кеңештин депутаты Максатбек Сарбагышевдин ыйгарым укуктарын өзү жазган арыздын негизинде мөнөтүнөн мурда токтотуп, мандатын алды. Чечимди БШКнын 12 мүчөсүнүн 10у колдоду.

Сарбагышев бул күнү түшкө чейин парламентте олтуруп, жыйынга келген өкмөт өкүлдөрүнө суроо берип жаткан.

Ал арызды эмне себептен жазганы белгисиз. “Азаттык” аны менен байланышкан учурда комментарий берүүдөн карманып, буга кийинчерээк түшүндүрмө берерин билдирди.

Максатбек Сарбагышев 2021-жылдагы парламенттик шайлоодо №36 Ысык-Көл бир мандаттуу округунан шайланган. Ага чейин Чоӊ-Сары-Ой айыл өкмөтүнүн башчысы, Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын акими болуп иштеп келген.

Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышынан ушуну менен 16 депутат мандатын тапшырды.

20-апрелде Жогорку Кеңештин депутаты Эмилбек Жусупов мандатын тапшыруу боюнча арыз жазып, шайлоо комиссиясы аны 22-апрелде канааттандырган. Жусупбек Коргонбай уулу мандатын тапшыруу боюнча 22-апрелде арыз жазып, БШК 23-апрелде анын ыйгарым укуктарын токтоткон.

Ага чейин экс-бажычы Райымбек Матраимовдун ишине байланыштуу бир нече депутат мандатынан айрылган. Анын ичинде Кара-Суу округунан шайланган Искендер Матраимов, Баткен округунан шайланган Нурлан Ражабалиев, Ош округунан шайланган Айбек Осмонов жана “Ата Журт-Кыргызстан” партиясынын катарында шайланган Абдывахаб Боронбаев өздөрү жазган арыздын негизинде мандаттарынан ажыраган. Аталган үч округда 28-апрелде шайлоо өтөт, Боронбаевдин ордуна башка депутат келген.

Бишкектин административдик соту 1-мартта №29 Свердлов районундагы кайра шайлоонун жыйынтыгы менен парламентке келген Шайлообек Атазовдун мандатын жокко чыгарган. 5-апрелде ушул эле чечимди Бишкек шаардык соту күчүндө калтырган.

Бишкек шаардык соту биринчи инстанциянын №21 Талас шайлоо округундагы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган чечимин күчүндө калтырды. Эгер чечимди Жогорку сот да кубаттаса анда бул округдан депутат болгон Бактыбек Чойбековдун мандаты алынышы мүмкүн.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев 17-апрелде Шамалды-Сай шаарында Чек ара кызматынын кызматкерлерине жаңы үйлөрдүн ачкычтарын тапшыруу иш-чарасында сүйлөп жатып, Жогорку Кеңешти мыйзамсыз иштерге аралашкан депутаттардан “тазалоо” иштери жүрүп жатканын билдирген. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG