Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:30

Баку шаарында Чыңгыз Айтматовдун эстелиги коюлду


Чыңгыз Айтматовдун Баку шаарындагы эстелигинин ачылыш аземи. 24-апрель, 2024-жыл.
Чыңгыз Айтматовдун Баку шаарындагы эстелигинин ачылыш аземи. 24-апрель, 2024-жыл.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жана Азербайжандын президенти Илхам Алиев 24-апрелде Баку шаарында улуу кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун эстелигинин ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу Кыргызстандын президенттик администрациясы кабарлады.

Алиев Айтматовдун эстелиги эки өлкөнүн элдеринин ортосундагы достуктун, бир туугандыктын жана биримдиктин символу экенин айтты. Ал Айтматовдун адабиятка жана улуттук өзгөчөлүккө кошкон салымын, анын чыгармачылыгы Кыргызстанда жана Азербайжанда урматталышына шарт түзгөнүн баса белгиледи.

Илхам Алиев жазуучу менен болгон жолугушуусун эстеп, анын жарандык позициясын жана өз тамырларына берилгендигин билдирди. Ал Айтматовдун эки өлкө ортосундагы достукту чыңдоого кошкон салымы үчүн ыраазычылыгын айтып, Кыргызстан жана Азербайжан элин эстеликтин ачылышы менен куттуктады.

Президент Садыр Жапаров өз сөзүндө Чыңгыз Айтматовдун мурасына болгон өзгөчө жылуу мамилеси жана залкар жазуучуга арналган мааракелик иш-чараларды уюштурууга кошкон жеке салымы үчүн Ильхам Алиевге ыраазычылык билдирди.

Кыргызстандын президенти эки өлкө ортосундагы маданий байланыштардын маанилүүлүгүн жана Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы достукту чыңдоодо Чыңгыз Айтматовдун чоң ролун баса белгиледи.

Мамлекет башчысы ошондой эле Бакуда кыргыз жазуучусунун эстелигин орнотуу Кыргызстан менен Азербайжан элдеринин ортосундагы терең байланышты символдоштуруп, тарыхый мурастарды сактоодо жана өлкөлөр ортосундагы достук мамилелерди чыңдоодо маанилүү кадам болуп саналарын белгиледи. Садыр Жапаров жаш муундун өз ара мамилелеринин тарыхын билүүсү жана түшүнүүсү келечекти калыптандырууда негизги ролду ойной турганын айтты.

Эстелик Баку шаарынын Азадлык – борбордук көчөлөрүнүн бириндеги паркка орнотулду.

Чыңгыз Айтматов 2008-жылы 10-июнда 80 жаш курагында дүйнөдөн кайткан. Анын сөөгү “Ата-Бейитке”, атасы Төрөкул Айтматов жана советтик репрессиянын башка курмандыктары көмүлгөн жерге коюлган.

ЮНЕСКО Айтматовду чыгармалары көп басылган классиктердин бири деп тааныган. Анын чыгармалары дүйнөнүн 165 тилине которулуп, көптөгөн өлкөлөрдө чоң нуска менен кайталанып басылып турат. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG