Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:04

Израил Газанын түндүгүн бомбалап, палестиналыктар кайра кача баштады


Рафах шаары. 21-апрель, 2024-жыл
Рафах шаары. 21-апрель, 2024-жыл

Бир нече жума мурун үйлөрүнө кайтып барган Газанын түндүгүндө жашаган палестиналыктардын айрымдары кайрадан там-ташын таштап качууга аргасыз болду.

Рейтер кабарлагандай, алар Израилдин армиясы (ЦАХАЛ) анклавдын бул бөлүгүн согуштун башындагыдай катуу бомбалап жатканын айтып беришти. Аскерлер шейшембиде Газанын төрт конушунан эвакуациялануу тууралуу буйрук берген.

Салыштырмалуу тынч болгон бир нече жумадан кийин Израил буга чейин аскердик бөлүктөрүн чыгарып кеткен аймактарга 22-апрелде кайрадан чабуул кое баштаган.

Шаршембиде ЦАХАЛ түштүктөгү Рафах шаарында жердеги операцияга даяр экенин билдирди. Израил ал калааны ХАМАС (АКШ жана Еврошаркетте террордук деп таанылган уюм) радикал тобунун акыркы таянычы деп эсептейт. Рафах буга чейин абадан гана бомбаланып келген. Жогорку командачылардын бири операция өкмөттүн жактыруусунан кийин дароо башталарын Рейтердин кабарчысына айтты.

Кеп болгон чөлкөмдө түндүк тараптан ооп келген миллиондон ашуун киши баш калкалап келатат. Эл аралык уюмдар гуманитардык апаат коркунучу тууралуу эскертишүүдө. АКШнын президенти Израилдин премьерин Рафахта операция жүргүзбөөгө чакырып келатат.

Израил өкмөтүнүн басма сөз катчысы жайкын тургундардын жапа чекпеши үчүн чара көрүлөрүнө ишендирди.

ХАМАС башкарган тилкенин Саламаттыкты сактоо министрлиги шейшембиден шаршембиге чейин бери дегенде 79 палестиналык каза тапканын, 86 киши жарадар болгонун билдирди. Мекеменин маалыматына ылайык, жети айга аяк баскан согушта 34 минден ашуун кишинин өмүрү кыйылды.

Хамасчылар Израилге кол салган 7-октябрда 1200 киши каза болгон. 200дөн көп кишини барымтага алышкан. Алардын 100дөн ашыгы дагы деле радикал топтун колунда кала берүүдө.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG