Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:53

Казакстан: Окуучу кыз зордукталганы кабарлангандан кийин Загамбарда чыр чыкты


Түркстан облусундагы айылдардын бири. Иллюстрация
Түркстан облусундагы айылдардын бири. Иллюстрация

Казакстандын Түркстан облусундагы Төлебий районуна таандык Загамбар айылында полициянын көзөмөлү күчөтүлгөнүн, интернет өчүрүлгөнүн «Азаттыктын» казак кызматы жазды. Жергиликтүү акимчиликтен кабарлашкандай, 24-апрелге караган түнү айылда бир нече автомашинаны жана чарбалык жайды өрттөп кетишкен. Анын алдында полицияга жашы жете элек кыздын зордукталганы тууралуу арыз түшкөн.

Жергиликтүү бийликтин маалыматына караганда, кылмышка айылдын өспүрүм тургуну шек саналып, кылмыш иш козголду.

Облустун полиция департаментинин басма сөз кызматы тараткан маалыматта айылда кырдаал тынч экени, тергөөчүлөр иштеп атканы айтылды.

Kozachkov offside деген Телеграм-каналы тартип коргоочулар айылдагы тартипти өз көзөмөлүнө алганын жазды.

Эл каттоонун жыйынтыгына ылайык, Загамбарда жашаган 5100дөй кишинин көбү казак жарандары болгон этностук өзбектер.

“Азаттыктын” казак кызматы буга чейин өлкөнүн түштүгүндө оор кылмыштардан кийин толкундоолор катталганын белгилейт. Бийлик тартип орнотуу үчун полицияны тарткан, интернетти, байланышты өчүргөн учурлар болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG