Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:12

БУУнун адам укуктары боюнча өкүлү Газа тууралуу "үрөй учурган" маалыматты дыкат иликтөөгө чакырды


Волкер Түрк.
Волкер Түрк.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) адам укуктары боюнча жогорку комиссары Волкер Түрк Газа секторундагы "Насер" жана "ал-Шифа" медициналык жайларындагы кыйроолордон, бул ооруканалардын тегерегинде адамдардын сөөгү жапырт көмүлгөн жерлер табылганы тууралуу маалыматтардан «үрөй учуп» жатканын бүгүн 23-апрелде билдирди.

Жогорку комиссар бул өлүмдөрдү көз каранды эмес, дыкат жана ачык иликтеп чыгууга чакырды.

Палестин бийлиги Израил аскерлери Газанын түштүгүндөгү Хан-Юнис шаарынан чыгып кеткенден кийин «Насер» ооруканасынын жанынан 180 адамдын сөөгү топтоп көмүлгөн жер табылганын, ушундай эле окуя «ал-Шифада» израилдик атайын аскерлердин операциясынан кийин катталганын билдирген.

Израилдин Коргоо армиясы (ЦАХАЛ) адамдардын сөөгү жапырт көмүлгөн окуя боюнча айыптоолорду негизсиз деп атады.

Израил Гаазадагы аскердик операциясын былтыр 7-октябрда ХАМАС тобу Газа секторунан кол салып, 1200 кишини, анын ичинде аялдарды, улгайган адамдарды жана балдарды өлтүрүп, 250дөй адамды Газага барымтага алып кеткенде баштаган.

Согуш башталгандан бери сектордо каза тапкандар 33 миңден ашканын ХАМАС көзөмөлдөгөн саламаттык сактоо мекемеси билдирүүдө, курмандыктар 32 миңден ашуун экенин өткөн аптада БУУ да тастыктаган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG