Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:53

Аскер адамдарына кызматтык батирди менчиктештирүү укугун берген жарлык чыкты


Президент Садыр Жапаров
Президент Садыр Жапаров

Президент Садыр Жапаров Турак жай кодексине жана “Аскер кызматчыларынын макамы жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизген жарлыкка кол койду. Документти Жогорку Кеңеш 13-мартта кабыл алган.

Мыйзам 20 же андан ашык жыл аскерде кызмат өтөгөндөргө берилген турак жайды менчиктештирүүгө мамлекет кепилдик берген укугун ишке ашырууну камсыз кылат.

Мыйзамга киргизилген толуктоолорго ылайык кызматтык 20 же андан ашык жыл кызмат өтөгөн аскер кызматчыларына турак жай тикелей сатуу жолу менен берилет.

Ошол эле учурда жаш курагына, ден соолугунуна, штат кыскарганына, үй-бүлөлүк жана башка маанилүү жагдайларга байланыштуу отставкага чыккан жана 20 же андан ашык жыл кызмат өтөгөндөргө, ошондой эле кызмат учурунда курман болгон же көз жумган аскер кызматчысынын үй-бүлөсүнө жашап жаткан же аларга берилген кызматтык батирлер жеке менчикке акысыз өткөрүп берилет.

Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, аскер, прокуратура, коопсуздук, милиция жана башка күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерине кызматтык батир берилет. Коомчулукта мамлекеттин эсебинен курулган батирлер көбүнчө айлыгы чектелүү мугалим, дарыгерлерге эмес, күч кызматкерлерине берилип жатат деген сын айтылып келет.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG