Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:32

Кемпир-Абад иши боюнча соттук отурум жылып кетти


Кемпир-Абад иши боюнча айыпталгандар. Булардын көбү камакта, айрымдары жана сүрөттө жок башка саясатчы-активисттер үй-камагында.
Кемпир-Абад иши боюнча айыпталгандар. Булардын көбү камакта, айрымдары жана сүрөттө жок башка саясатчы-активисттер үй-камагында.

Бишкектин Биринчи май райондук соту Кемпир-Абад иши боюнча айыпталгандардын үчөөнү коргогон эки адвокат келбей калганына байланыштуу 23-апрелдеги отурум болбой калганын билдирди.

Мекеменин басма сөз кызматы тактагандай, судья ишти эки адвокаттын катышуусуз улантуу маселесин койгон. Тараптардын пикирин уккан соң ал соттук процесс мамлекеттик айыптоочулардын айыптоо корутундусун окуу тепкичине келгенин жүйө келтирип, ишти кароону уланткан.

Мындан соң тогуз айыпталуучу буга каршылык билдирип, кыйкырышкан. Төрагалык кылган судья аларды сот залынан чыгаруу чечимин чыгарган. Андан соң ал ишти кароону 24-апрель, саат 14:00гө жылдырды.

Буга чейинки соттук отурумдарда да айыпталуучулар соттук процесс адвокаттарсыз уланып жатканын сынга алып, каршылык билдиришкен. Биринчи май райондук соту бул боюнча берген түшүндүрмөсүндө, 22 соттук отурумдун 11и адвокаттар келбей калгандыктан, 7си айыпталуучулар келбей калгандыктан жылып кеткенин тактаган. Мекеме ошол себептен улам процессти улантуу чечими кабыл алынып жатканын кабарлаган.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 27 саясатчы, активист жана укук коргоочулар 2022-жылы октябрда камалган. Ушул тапта кармалгандардын ичинен тогуз киши тергөө абагында калды. Калгандары түрдүү жагдайда үй камагына чыккан.

Кемпир-Абад иши 2023-жылы июнь айында сотко өтүп, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгы ишке “жашыруун” грифин койгон. Милиция аларга Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык баш аламандыктар” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен айып таккан.

Шектүүлөр мунун баарын саясий куугунтук катары сыпаттаган. Соттук жараяндар жабык өтүүдө. Айыпталып жаткандар аны ачык өткөрүү талабын коюп келишет. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG