Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:02

Швейцарияда орусиялыктардын камакка алынган активдери кыскарды


Швейцария бул өлкөдө камакка алынган орусиялык активдердин жалпы суммасы былтыр жыл соңунда 5,8 миллиард швейцариялык франкка (6,36 миллиард доллар) барабар болгонун 23-апрелде Экономика маселелери боюнча мамлекеттик катчылык (SECO) билдирди. Швейцария өкмөтүндө бул катчылык санкция маселелерин көзөмөлдөйт.

Санкция салынган орусиялыктардын активдерин Швейцария камакка алган 2022-жылдын соңунда бул сумма 7,5 миллиард франк болчу. Бир жыл ичиндеги 1,7 миллиард франктык төмөндөөнүн негизги себеби деп акциялардын жана башка каржылык активдердин базар наркынын арзандоосу аталды.

Талдоочулар мындай олуттуу төмөндөө бейтарап макамды карманган Швейцарияга Орусияга Украинага кол салганы үчүн эл аралык басымын катуулатуу талабын күчөтөрүн белгилеп жатышат.

Bloomberg агенттигинин маалыматына караганда, Швейцарияда орусиялыктардын активдеринин жалпы суммасы дээрлик 150 миллиард франк түзөт. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG