Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:03

Кассалык чек талап кылууга кызыктырган акция башталды


Көзөмөл касса машинасы. (ККМ) Иллюстрациялык сүрөт.
Көзөмөл касса машинасы. (ККМ) Иллюстрациялык сүрөт.

Мамлекеттик салык кызматы жарандарды товар же кызмат сатып алууда көзөмөл-кассалык чектерди талап кылууга кызыктыруу максатында кезектеги акциясы башталганын кабарлады.

Акциянын алкагында iPhone жана смартфондор ойнотулат.

Акцияга катышууну каалагандар соцтармактарда катталган, активдүү, кеминде 50 катталуучусу бар, иштеген аккаунту болууга тийиш. Соцтармактардагы баракчаларына ККМ колдонбогон жана ККМ чектер берилбеген соода жана кызмат көрсөтүү түйүндөрүнүн аталышын, дарегин жана соода кылган күнүн милдеттүү түрдө көрсөтүү менен сүрөт же тасма тартып, пост түрүндө жайгаштыруу керек. Же болбосо керектөөчүлөрдүн жашоосундагы кассалык чектин мааниси тууралуу видео же сүрөттөрү менен пост жүктөшү керек.

Ар бир пост Салык кызматынын соцтармактардагы баракчаларын (@salyk_kg Instagram жана @salykkg Facebook) #акциясалык хэштеги менен белгилениши шарт.
Мамлекеттик салык кызматы былтыр жарандарды товар же кызмат сатып алууда көзөмөл-кассалык чектерди талап кылууга кызыктыруу максатында "Чек талап кылып, байге утуп ал!" деп аталган лотерея оюнун уюштурган. Анда телефон, компьютер, автоунаа, батир жана башка кымбат баалуу байгелер ойнотулган.

Жыйынтыгында Кыргызстанда көзөмөл-кассалык машиналарды (ККМ) колдонгон ишкерлердин саны 75 695ке жетип, 2020-жылга салыштырмалуу төрт эсе көбөйгөнү кабарланган. 2020-2021-жылдары аталган аппараттарды колдонгондор Кыргызстанда 15-20 миңдей гана болчу. Салык кызматы Кыргызстанда ККМ колдонгондордун санын 100-150 миңге чейин жеткирүүнү пландаган.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG