Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:52

Футбол: Кыргызстандын кыз-келиндер курамасы эки атаандашын утту


Кыргызстандын кыз-келиндер курамасынын оюнчусу Алина Гапарова.
Кыргызстандын кыз-келиндер курамасынын оюнчусу Алина Гапарова.

Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында өтүп жаткан Борбор Азия футбол ассоциациясынын (CAFA) CAFA U-18 Women’s Championship 2024 турниринде Кыргызстандын футбол боюнча 18 жашка чейинки кыз-келиндер курамасы эки атаандашын утту.

Кыргызстандык спортчулар 21-апрелде Түркменстанды 3:1, 22-апрелде Тажикстандын курамын 3:0 эсебинде жеңди.

Кыргызстандын футбол боюнча 18 жашка чейинки кыз-келиндер курамасы.
Кыргызстандын футбол боюнча 18 жашка чейинки кыз-келиндер курамасы.

Кыргызстандын 18 жашка чейинки кыз-келиндер курама командасы жалпы эсепте беш мамлекеттин ичинен экинчи орунда келатат. Биринчи орунда Ирандын спортчулары турат. Үчүнчү орунга Өзбекстандын, төртүнчү орунга Тажикстандык, ал эми бешинчи орунга Түркменстандын спортчулары жазылды. Эми 24-апрелде Өзбекстан, 28-апрелде Иран менен кез келет.

19-апрелде башталган эл аралык мелдеш 29-апрелде жыйынтыкталат. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG