Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:06

Дэвид Кэмерон: Борбор Азия үчүн атаандаштык күч


Дэвид Кэмерон: Борбор Азия үчүн атаандаштык күч
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:44 0:00

Дэвид Кэмерон: Борбор Азия үчүн атаандаштык күч

Британиянын тышкы иштер министри Дэвид Кэмерон Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров баштаган бийлик өкүлдөрү менен жолукканда эки өлкөнүн кызматташтыгы, демократия, жарандык коом жана бейөкмөт уюмдар тууралуу да сөз кылганын “Азаттык” радиосуна берген эксклюзивдүү интервьюсунда айтты.

- Сиз Британиянын тышкы иштер министри катары биринчи жолу Кыргызстанга иш сапар менен келип жатасыз жана мындан 11 жыл мурда Борбор Азияга келген алгачкы британ премьер-министри болгонсуз. Бул сапарыңыздын башкы максатын түшүндүрүп бересизби?

- Менимче, биздин орток кызыкчылыктарыбыз бар. Климат өзгөрүп жаткан шартта жалпы кызыкчылыгыбыз бар. Бул багытта чогуу иштеп, жашыл энергетикага инвестиция сала алабыз. Биздин өлкөлөрүбүздүн ортосунда өз ара сооданы өстүрүү, ишкерлик байланыштарын күчөтүү жана иш орундарын түзүү багытында орток кызыкчылыктарыбыз бар.

Мындан сырткары ушундай кооптуу, талашка түшкөн жана зордук-зомбулук орун алган дүйнөдө коопсуздук маселелерине байланыштуу да орток кызыкчылыктарыбыз бар.

Билим берүүгө келгенде да пикирибиз бир. Сиздер, Кыргыз Республикасында билим берүү тармагына чоң инвестиция салып жатасыздар. Биз англис тилинин күчүнө жана маанилүүлүгүнө терең ишенебиз. Биз тил маселесин да алдыга жылдыргыбыз келет.

Менимче, биздин күн тартибибизде бир катар олуттуу темалар бар. Мен ушундай айткым келет. Албетте, дүйнөнүн бул чөлкөмү үчүн атаандаштык чоң. Бул регион үчүн ири державалар күрөш жүргүзүүдө жана алар “тигил же бул өлкө менен өнөктөш болушуңар керек” деп айтканга аракет кылып жатат.

Биз сиздерге "тигини, же муну тандашыңар керек" дебейбиз. Биз "башка өнөктөштөрүңөрдү четке каккыла" деген жокпуз. Биз силер менен иштешүүгө кызыкдар болгон жана чогуу ийгилик жарата турган орток кызыкчылыктары бар жаңы өнөктөшпүз деп айтып жатабыз.

- Чоң державалар демекчи, сиздин чөлкөмдөгү сапарыңыз Орусиянын Украинадагы согушу уланып жаткан учурга туура келип жатат. Орусиянын региондо саясий да, экономикалык да таасири күч. Мына ушундай жагдайда чөлкөмдөгү өлкөлөргө жеткирүүнү көздөгөн негизги оюңуз же кайрылууңуз кандай жана бул маселеде Борбор Азиядагы өлкөлөрдөн эмнени күтөсүз?

- Биз Орусиянын Украинадагы агрессиясы туура эмес деп ойлойбуз. Себеби Украина Кыргыз Республикасы сыяктуу эле көз карандысыз, суверендүү мамлекет. 1991-жылдагы референдумда Украинанын бардык өрөөндөрү, анын ичинде Крым жана Донбасс аймактары, Украинанын өз алдынча мамлекет болушун колдогон.

Биз Орусиянын мыйзамсыз баскынчылыгына каршы турабыз жана Украинадагы досторубузга анын мизин кайтаруу үчүн жардам берип жатабыз.

Суверендүүлүктүн артчыкчылыгын, чек аралардын маанилүүлүгүн жана аларды урматтоонун маани-маңызын ар бирибизге жеткиргим келет.

Менимче, эл ушундай билдирүүнү угууга дилгир болуп турат.

Британиянын тышкы иштер министри Дэвид Кэмерон "Азаттыктын" кабарчысы Кубат Касымбеков менен маектешип жаткан учур. 22-апрель, 2024-жыл.
Британиянын тышкы иштер министри Дэвид Кэмерон "Азаттыктын" кабарчысы Кубат Касымбеков менен маектешип жаткан учур. 22-апрель, 2024-жыл.

- Билдирүүлөр демекчи, бир катар эл аралык уюмдар, анын ичинде Британиядагы укук коргоо топтору Кыргызстандагы жана Борбор Азиянын башка өлкөлөрүндөгү басма сөз эркиндигинин начарлашына жана жарандык коомдун чектелишине кабатырлануусун билдирип жатат. Сиз бул маселени президент Жапаров менен жолукканда көтөрдүңүзбү жана кандай жооп алдыңыз?

- Бизден күтүлгөн бардык маселелерди, анын ичинде чыныгы жана ишке жөндөмдүү демократия маселесин талкууладык. Бул менин өлкөмдүн жана сиздин өлкөңүздүн кызыкчылыгындагы маселе. Биз ыктыярчылардын, кайрымдуулук уюмдардын, бейөкмөт уюмдардын жана жарандык коомдун мааниси тууралуу сөз кылдык. Бул биздин өлкөлөрүбүздүн, биздин демократиябыздын бир бөлүгү.

Албетте, биз ар дайым бири-бирибиздин айырмачылыгыбызга, бири-бирибиздин аракеттибизге сый мамиле кылышыбыз керек.

Бирок менин оюмча, биздин демократиябыздын ишин жакшыртуу маселесинде жарандык уюмдардын ролу бар. Биз Британияда ушундай иштейбиз.

- Биздин чөлкөмгө чейин сиз Израилге барып келдиңиз. Борбор Азия өлкөлөрү Жакынкы Чыгыштагы чыңалган кырдаалга байланыштуу билдирүү таратып, тараптарды сабырдуулукка чакырып жатат. Британия Газадагы согуш кандай аякташы керек деп күтөт?

- Биз кармаштын токтогонун көргүбүз келет. Газага жардам киргизүү жана ХАМАСтын барымтасынан туткундарды бошотуп алуу абдан маанилүү. ХАМАС аларды дээрлик 200 күндөн бери барымтада кармап турат. Бул кырдаал өзгөрүшү керек.

Биздин негизги оюбуз – кармашты токтото туруу, андан соң барымтадагыларды бошотуу, анан туруктуу ок атышпоо келишимине жетишүү. Ошондо жаңжалдын түйүнүн чечүүнүн үстүндө иштейбиз. Мен Израилге барганда дал ушул маселени талкууладым.

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG