Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:28

ТИМдин орун басары АКШнын өкүлү менен кызматташтыкты талкуулады


Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев жана АКШнын мамлекеттик катчысынын Борбор Азия боюнча жардамчысынын орун басары Жон Марк Поммершайм.
Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев жана АКШнын мамлекеттик катчысынын Борбор Азия боюнча жардамчысынын орун басары Жон Марк Поммершайм.

Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев 22-апрелде Бишкекте АКШнын мамлекеттик катчысынын Борбор Азия боюнча жардамчысынын орун басары Жон Марк Поммершайм менен жолугуп, эки мамлекеттин кызматташуусун талкуулашты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Жон Марк Поммершайм АКШ менен Кыргызстандын ортосундагы кезектеги эки тараптуу консультацияларына катышуу үчүн Бишкекке келген.

“Тараптар С5+1 механизминин алкагында мындан аркы өз ара иштешүү, бизнес, инвестиция, адам укуктары жаатындагы кызматташуу маселелерин карашты”, - деп айтылат билдирүүдө.

Тараптар учурдагы геосаясий кырдаал, аймактык коопсуздук маселелери боюнча пикир алмашкан.

Кыргызстан менен АКШ ортосундагы кызматташтык жөнүндөгү макулдашууга 1993-жылы 19-майда Вашингтондо кол коюлган. Бул стратегиялык документти кыргыз өкмөтү 2015-жылы 21-июлда бир тараптуу денонсациялаган.

Жаңы келишимди даярдоо процесси бир нече жылдан бери уланып келе жатат. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG