Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:41

Ошто селден бир адам каза болду


Алай районунун Тогуз-Булак айылында болгон сел. Сүрөттүн жаңылыкка тиешеси жок.
Алай районунун Тогуз-Булак айылында болгон сел. Сүрөттүн жаңылыкка тиешеси жок.

Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу автоунаа жолунун 41-чакырымында бир машинаны сел агызып, бир адам каза болду.

Министрликтин маалыматына ылайык, автоунаада төрт киши болгон (эки аял, бир бала жана бир эркек киши). Эки аял менен баланы жергиликтүү тургундар куткарып калышкан. Ал эми айдоочуну сел агызып кеткен. Издөө иштерине 11 куткаруучу тартылып, сел агызып кеткен маркумдун сөөгү табылып, туугандарына өткөрүп берилди.

20-апрелде нөшөр жаандан улам Ош облусунун Алай, Кара-Кулжа, Өзгөн жана Кара-Суу райондорунда сел жүрүп, бир катар автоунаа жолдору жабылган. ӨКМ селдин кесепеттерин жоюу иштери улантылып жатканын билдирди. (BTo/DSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG