Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:06

Кыргызстан менен Түркия өз ара жүк ташууда керектелчү уруксат кагаздарын жоюуну макулдашты


Кыргызстандын делегациясы менен Түркиянын өкүлдөрүнүн жолугушуусу. 19-апрель, 2024-жыл.
Кыргызстандын делегациясы менен Түркиянын өкүлдөрүнүн жолугушуусу. 19-апрель, 2024-жыл.

Кыргызстан менен Түркия эки тараптуу жана транзит менен ташууга керектелчү уруксат кагаздарын (дозволдорду) 1-майдан тарта жокко чыгарат. Бул тууралуу Кыргызстандын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, быйыл феврал айында транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев Түркияга иш-сапар менен барып, ал өлкөнүн транспорт жана инфраструктура министри Абдулкадир Уралоглу мырза менен жолугушкан.

Анда эки өлкөнүн Транспорт министрликтеринин кызматкерлеринен жана Эл аралык жүк ташуучулар ассоциацияларынын өкүлдөрүнөн турган транспорт комиссиясын түзүү макулдашылып, эки мамлекеттин ортосундагы транспорт тармагындагы көйгөйлүү маселелерди чечүүгө тапшырма берилген.

Комиссиянын алгачкы отурумдары 18-19-апрель күндөрү Түркия мамлекетинин Стамбул шаарында өтүп, Кыргызстан менен Түркиянын Транспорт министрликтеринин эки тараптуу сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы менен эл аралык жүк ташууда келишимдерге кол коюлган.

Ага ылайык, 1-майдан тарта кыргыз-түрк жүк ташуучулары эч кандай тоскоолдуксуз эки өлкөгө жана транзит менен жүк ташый алышат. Муну үчүн тиешелүү уруксат кагаздары жокко чыгарылат. Мындан сырткары өлкөлөргө жүгү жок кирүү (бош кириш) жана үчүнчү өлкөлөрдүн жүгүн ташып келүүгө уруксат кагаздарынын квотасы көбөйтүлгөн.

Кыргызстандын делегациясы Түркиядагы соңку жолугушууда кыргыз жүк ташуучуларынын Түркияга же Түркия аркылуу транзиттик ташуулардын өтүү мөөнөттөрү, камсыздандыруу төгүмдөрү жана убактылуу номерлүү унаалардан алынуучу жыйымдар боюнча маселелерди көтөрдү. Түрк делегациясы бул маселелер боюнча билдирүү жасап, транзиттик мөөнөттөр жана камсыздандыруу маселелерин Түркиядагы компетенттүү мекемелер менен иш алып бара тургандарын билдирди.

Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров быйыл 28-февралда кыргыз-түрк ишкерлеринин бизнес форумуна катышуу үчүн Бишкекке келген түркиялык компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушууда сүйлөп жатып, 2023-жылы Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы соода алака 1,5 млрд долларга жеткенин билдирген. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG