Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:20

Украина Орусиянын жети ракетасынын экөөнү атып түшүрдү


Орусиянын ракеталары. Иллюстрациялык сүрөт.
Орусиянын ракеталары. Иллюстрациялык сүрөт.

20-апрелде Орусиянын армиясы Белгород облусу жана Кара деңиз тараптан Украинаны жети ири ракета менен аткылады. Бул тууралуу Украинанын Куралдуу күчтөрү кабарлады.

Мунун ичинен авиациялык эки “Кинжал” ракеталары атып түшүрүлгөн. Мындан сырткары Орусиянын чалгындоочу дагы үч учкучсуз учагы жок кылынган.

Көптөгөн фото жана видео далилдерге карабастан, расмий Москва Украинадагы жарандык жайларга сокку урганын танып, аскердик объектилерди гана бутага алганын билдирип келет. Ал эми украин бийлиги Орусиянын аймагындагы мунай иштетүүчү заводдорго жасалган соккулар үчүн расмий жоопкерчилик ала элек.

Украина Орусиянын толук масштабдуу кол салуусуна 2022-жылы 24-февралда кабылгандан бери күрөшүн улантып келе жатат.

Президент Владимир Зеленский АКШ убада кылган аскердик жардам берилбесе бул согушта жеңилиши мүмкүндүгүн 8-апрелде эскерткен. Кошмо Штаттарда былтыртан бери Украинага жардам боюнча бир нече демилге көтөрүлүп, талкууланып, бирок кабыл алынбай келе жатат. Конгрессте сунуш кылынган мыйзам долбоорлору колдоо таба элек. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG