Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:44

Кыргызстанда мопед, мотоцикл жана электр чыгырыгын айдагандарга рейд башталды


Жол инспекторлору мопед айдагандарды текшерип жаткан учуру. 20-апрель, 2024-жыл.
Жол инспекторлору мопед айдагандарды текшерип жаткан учуру. 20-апрель, 2024-жыл.

20-апрелде Кыргызстанда мопед, мотоцикл жана электр чыгырыгын айдагандарга карата масштабдуу рейд башталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы (ЖКККББ) билдирди.

Маалыматта айтылгандай, акыркы убактарда скутер, мопед, велосипед жана электросамокат каражаттарын башкарган жарандар жол эрежесин одоно бузуп, анын айынан ар кандай жол кырсыктарынын саны күндөн-күнгө көп катталып жаткандыгы байкалган.

Мындан сырткары аба ырайынын жылышы менен борбор калаада жарандардын скутер, мопед, велосипед жана электр чыгырыгы (электросамокат) транспортторун кеңири колдоно баштады. Ошондой эле бул техникалык каражаттарды жарандардын тамак-аштарын ташуу менен алектенген ишкерлер колдонуп, алардын жолдо жүрүшү айдоочуларга тоскоолдук жаратуусу жана жол эрежесин бузуулары көп кездешүүдө.

Жалпыга маалымдоо каражаттарында, социалдык түйүндөрдө айдоочулардын жана жүргүнчүлөрдүн мопед, мотоцикл, электр чыгырыгы сыяктуу каражаттарды айдагандарды сындаган пикирлери байма-бай жарыяланып келет.

Анын ичинде электр чыгырыгы тротуарда кишилерди сүзүп кеткен учурлары, бир чыгырыкты бир нече адам минип алып, коркунуч жараткан учурлары жазылып жатат. Айрымдар тамак-аш жеткирүү тармагында иштеген чет элдик жарандар жол эрежесин билбей же атайылап сактабай жатканына да даттанууда.

Рейдди Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматы, ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматтары менен чогуу алып барууда. Текшерүү жумуштары 23-апрелге чейин уланат. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG