Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:31

Бишкекте сабалган жети жашар баланын апасы бийликке кайрылуу жасады


Бишкекте сабалган жети жашар баланын апасы бийликке кайрылуу жасады. Видеодон алынган скриншот.
Бишкекте сабалган жети жашар баланын апасы бийликке кайрылуу жасады. Видеодон алынган скриншот.

Бишкектеги мектептердин биринде жети жашар баласы сабалган, өзүн Айсулуу деп тааныштырган аял президент Садыр Жапаровго, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Камчыбек Ташиевге жана башка бийлик өкүлдөрүнө видео аркылуу кайрылды. Анын айтымында, уулу учурда ооруканада дарыланып жатат.

Кайрылуу тараткан аял ишти карап жаткан тергөөчү ушуга чейин аларга психоневрологиялык экспертизага багыттама бербегенин айтып, айыптуу киши жазага тартылбай калышы мүмкүн деп кооптонуп жатканын билдирди.

Баланын апасы ошондой эле факт боюнча “Бейбаштык” беренеси менен иш козголгонун айыптап, анын жазасы болгону айып пул экенин белгиледи.

“Башкача айтканда, биздин Кылмыш-жаза кодексинде биздин балдардын укугун коргогон берене жок экен. Бул жерде менин балам жөнүндө эле эмес, бардык балдар жөнүндө кеп болуп жатат. Бейтааныш, чоң киши келип, кичинекей баланы сабап, уруп кетип калса, ага болгону айып пул салынат экен. 20 миң сомдон 50 миң сомго чейин айып пул төлөп чыгып кете берсе болот экен. Мен бийликтен Кылмыш-жаза кодексине балдарга зомбулук көргөзгөн адамдарга каршы жазалоочу чаралар каралган беренелерди киргизүүнү суранам”, – деди сабалган баланын апасы.

Ички иштер министрлиги бул кайрылууда айтылган дооматтар боюнча комментарий бере элек.

Бир нече күн мурун социалдык тармактарга мектепте жаш баланы чоң киши сабап жатканы тартылган тасма тараган.

Көп өтпөй, 12-апрель күнү милицияга Ленин районунун тургуну кайрылып, жети жаштагы баласын сабаган кишиге чара көрүүнү өтүнгөн. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси “Бейбаштык” боюнча кылмыш иши козголуп, 34 жаштагы адам шектүү катары кармалганы кабарланган.

14-апрелде Бишкектин Ленин райондук соту жети жашар баланы сабоого шек саналып кармалган адамды 13-июнга чейин үй камагына чыгарган. Соттун катчылыгы мындай чечим тергөөчүнүн өтүнүчү менен чыгарылганын "Азаттыкка" билдирген. ​Жабырлануучу тарап сот чечимине нааразы экенин билдиришкен. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG