Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:45

Столтенберг Украинанын абадан коргонуу системасы боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын айтты


Йенс Столтенберг.
Йенс Столтенберг.

НАТОго мүчө өлкөлөр ичинде абадан коргонуу системаларынын кайсы бир бөлүгүн Украинага берүү, айрыкча Patriot комплекстерине басым жасоо тууралуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын альянстын башкы катчысы Йенс Столтенберг билдирди.

18-апрелде Италияда «Чоң жети» уюмунун тышкы иштер министрлеринин жыйынынан кийинки пресс-конференцияда сүйлөп жатып ал Украинага Patriot батареяларынан көбүрөөк жөнөтүү боюнча диалог тууралуу айтты.

Ошону менен катар Столтенберг Украинанын абадан коргонуу системасы чукул жана өтө зарыл жардамга муктаж болуп жатканын белгилеп, НАТО боюнча союздаштарда үмүттөндүрүүчү маалымат бар экенин кошумчалады.

“АКШ Конгресси Украинага 61 миллиард долларлык жардам үчүн жакынкы күндөрү добуш берет деген ишенич бар”, - деди Столтенберг.

Украина Орусиянын толук масштабдуу согушуна кабылган алгачкы жылы Батыштагы өнөктөштөрүнөн курал-жарак жагынан жардам алып, күрөшүн жүргүзгөн. Бирок былтыртан бери андай жардам дээрлик токтогон. Украин бийлигинин өлкөнүн аба мейкиндигин Орусиянын чабуулдарынан коргоп берүү өтүнүчү да колдоо таппай келет. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG