Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:01

Экс-депутат Камчыбек Жолдошбаев тергөө абагынан чыкты


“Беш-Сары” ишканасынын негиздөөчүсү, экс-депутат Камчыбек Жолдошбаев
“Беш-Сары” ишканасынын негиздөөчүсү, экс-депутат Камчыбек Жолдошбаев

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Камчыбек Жолдошбаев мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толук төлөп, тергөө абагынан чыкты. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) маалымдады. Маалымат ылайык, экс-депутат мамлекетке келтирилген зыяндын ордун - 150 млн сом төлөп берди.

19-апрелде Биринчи май райондук соту Жолдошбаевдин бөгөт чарасын өзгөртүп, эч жакка кетпөө тууралуу тилкаттын негизинде тергөө абагынан чыгарды. Учурда тергөө иштери улантылып жатат.

18-апрелде Биринчи Май райондук соту "салык төлөөдөн качуу" жана "алдамчылыкка" шек саналып кармалган Жолдошбаевдин камактагы мөөнөтүн 19-июнга чейин узартканы кабарланган.

УКМК “Беш-Сары” ишканасынын негиздөөчүсү Жолдошбаев кармалганын 22-февралда билдирген. Мекеменин маалыматына караганда, “Беш-Сары” компаниясы көп жылдардан бери кош бухгалтердик эсеп жүргүзүп келгени аныкталган. Атайын кызмат мындан сырткары документтеринде соода жайлары үчүн алынган пайда жасалма түрдө төмөндөтүлүп, салык органдарына жалган маалымат берилип турганын кабарлаган.

УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев 2023-жылы декабрда атайын кызматтын Аламүдүн райондук бөлүмүнүн жаңы имаратын ачып жатып ири соода-сатык комлекстеринин ээлерин өлкөдөгү эң бай адамдар катары сыпаттап, Аскар Салымбеков, Мелис Мырзакматов, Чолпон Султанбекова, Турсунтай Салимов, Курманбек Байтереков, Камчыбек Жолдошбаев, Кубатбек Байболов, Элвира Сурабалдиева, Чыңгыз Алканов деген ысымдарды атаган.

Камчыбек Жолдошбаев - “Беш-Сары” компаниясынын негиздөөчүсү жана кожоюну. Ал парламенттин VI чакырылыштагы депутаты болгондо айрым талаштуу билдирүүлөрү менен таанылган. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG