Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:00

Кыргыз-казак кызматташтыгын дагы бекемдөө макулдашылды


Садыр Жапаров жана Касым-Жомарт Токаев. Астана. 19-апрель, 2024-жыл.
Садыр Жапаров жана Касым-Жомарт Токаев. Астана. 19-апрель, 2024-жыл.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 19-апрелде Казакстанга жасаган расмий сапарынын алкагында Астана шаарында казак лидери Касым-Жомарт Токаев менен тар курамда сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Анда соода-экономика, суу-энергетика, транспорт-чек ара жана маданий-гуманитардык тармактарда кыргыз-казак кызматташтыгын тереңдетүүнүн артыкчылыктуу маселелери талкууланды.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Садыр Жапаровго жана кыргыз элине Казакстандын суу ташкындан жабыркаган аймактарына жиберген боордоштук гуманитардык жардамы үчүн ыраазычылык билдирди.

Токаев бүгүн тараптар тарыхый документке – Союздук мамилелерди тереңдетүү жана кеңейтүү жөнүндө келишимге кол коюп жатканын, бул казак-кыргыз байланыштарын өнүктүрүүгө жаңы дем берерин белгиледи.

Казак лидери эки өлкөнүн соода алакасы да жыл сайын кеңейип жатканын айтты. Өткөн жылы өз ара товар жүгүртүү 1,5 млрд долларга жетип, 26% өскөнүн белгилеген Токаев бул көрсөткүчтү 2 млрд долларга чейин көтөрүү зарылдыгын айтты.

Президент Садыр Жапаров өз кезегинде Казакстандын мамлекет башчысына жылуу кабыл алганы, меймандостугу үчүн ыраазычылык билдирип, Казакстан эң жакын коңшу, Кыргызстандын тышкы саясатындагы өзгөчө артыкчылыктуу боордош мамлекет экенин белгиледи.

“Кыргыз жана казак элдерин нечен кылымдардан бери келе жаткан достук, боордоштук, ынак коңшулук, орток маданий, руханий, диний баалуулуктар жана каада-салттар байланыштырып турат”, - деди президент.

Садыр Жапаров Казакстан Кыргызстандын негизги соода өнөктөштөрүнүн бири экенин белгилеп, ортодогу соода алакасы жандуу өнүгүп жатканын айтты.

Президент Садыр Жапаров казак лидеринин чакыруусу менен барган эки күндүк сапар алкагында эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Казак-кыргыз мамлекеттер аралык кеңешинин алтынчы жыйынына катышат.

Эки өлкөнүн президенттеринин катышуусунда Астананын борбордук көчөлөрүнүн биринде Айкөл Манастын эстелигинин ачылыш аземи болору да кабарланды.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG