Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:05

Кыргызстанда "TEXPO-2024" бизнес-форуму өтөт


Текстиль тармагы боюнча көргөзмө. Кыргызстан. (Архивдик сүрөт. Иллюстрация.)
Текстиль тармагы боюнча көргөзмө. Кыргызстан. (Архивдик сүрөт. Иллюстрация.)

20-22-апрель күндөрү Бишкекте "TEXPO-2024" деген аталышта эл аралык 2-бизнес-форум өтөт. Иш-чараны Кыргызстандын Мода жана текстиль ассоциациясы Соода өнөр жай палатасы менен чогуу уюштурууда.

Ассоциациядан "Азаттыкка" кабарлашкандай, 2-эл аралык бизнес-форумга миңден ашуун ишкер катышат. 20дан ашуун чет элдик жана жергиликтүү ири компаниялардын жетекчилери, менежерлер жана эксперттер сүйлөп, ийгилик сыры тууралуу айтып беришет.

Уюштуруучулар "TEXPO-2024" бизнес-форуму кыргызстандык өндүрүшчүлөр үчүн текстиль жана мода тармагында дүйнөлүк аренага чыгып, өзүн көрсөтүүгө чоң мүмкүнчүлүк болорун белгилешүүдө.

Улуттук статистикалык комитетинин маалыматына ылайык, Кыргызстандагы кездеме токуу жана тигүү өнөр жайындагы өндүрүштүн көлөмү 2023-жылдын январь-сентябрь айларында 11 млрд 070 млн 104 400 сомду түзгөн. Бул былтыркы тогуз айдын көрсөткүчүнө - 6 млрд 281 млн 976 800 сомго караганда дээрлик эки эсе көп. Мунун ичинен 8 млрд 849 млн 156 300 сому тигүү өнөр жайына таандык.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG