Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:09

Кыргыз-тажик чек арасы: №42 протоколдун ишке ашуусу талкууланды


Кыргызстандын жана Тажикстандын Чек ара кызматтарынын жумушчу топтору жолукту. Апрель, 2024-жыл.
Кыргызстандын жана Тажикстандын Чек ара кызматтарынын жумушчу топтору жолукту. Апрель, 2024-жыл.

Кыргызстандын жана Тажикстандын Чек ара кызматтарынын жумушчу топтору 2022-жылы 25-сентябрда кабыл алынган №42 протоколдун ишке ашырылышын талкуулады. Бул тууралуу Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине (УКМК) караштуу Чек ара кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, жолугушууга Кыргызстандан Улуттук коопсуздук кызматына караштуу Чек ара кызматынын башчысы Уларбек Шаршеев, президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев, ал эми Тажикстан тараптан тажик Чек ара кызматынын башчысы Ражабали Рахмонали, Согди облусунун төрагасы Ражаббой Ахмадзода жана эки өлкөнүн аймактык чек ара жана укук коргоо органдарынын жетекчилери катышты.

Анда тараптар №42 протоколду ишке ашыруу, кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды турукташтыруу жана эки өлкөнүн ортосундагы чек араны биргелешип кайтаруу аракеттери тууралуу талкуулашты.

"Жолугушуу достук жана өз ара түшүнүшүү маанайында өттү", - деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары тараптар чек арадагы коопсуздукту камсыздоодо кызматташтык жакшы өнүгүп келе жатканын жана акыркы убактарда өз ара диалог бийик деңгээлге жеткенин маалымдашты. Кыргызстан менен Тажикстандын конструктивдүү жана өз ара пайдалуу кызматташтыгы эки өлкө элинин кызыкчылыктарына жооп берери, тынчтыкты, туруктуулукту жана коопсуздукту камсыздоого өбөлгө түзүүчү негизги фактор болору баса белгиленди.

Ошондой эле эки тараптын чек ара мекемелеринин жумушчу топторунун протоколдорун ишке ашыруу маселеси да талкууланып, тараптар келишимдердин аткарылышын камсыздоо милдеттерин ырасташты.

Жолугушууда ошондой эле №42 протоколдун пункттарын ишке ашыруудагы тийиштүү органдардын ишмердигин баалашты.

Жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду.

№42 протоколго 2022-жылы 25-сентябрда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев менен Тажикстандын УККнын башчысы Саймумин Ятимов кол койгон. Документ кыргыз-тажик чек ара тилкелеринде жайгашкан үч чек ара посту менен бир чек ара тозотун алуу, ал аймактарды макулдашкан каттамдардын алкагында кайтаруу, чыр-чатактар көп чыккан тилкелерге байкоо камераларын орнотуу жана тартылган кошумча күчтөр менен аскер техникаларын мурдагы жайына кайтаруу өңдүү пункттарды камтыйт.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG