Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:38

ТИМ кыргыз жарандарын Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө барбай турууга чакырды


Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга байланыштуу кыргыз жарандарын Израилге, Иранга, Сирияга, Иракка, Ливанга жана Палестинанын аймактарына барбай турууга чакырды.

Министрлик бул өлкөлөрдө жүргөн кыргызстандыктар кырдаал турукташканга чейин коопсуздук чараларын күчөтүшү керек экенин кошумчалады.

19-апрелдин таңында Израил Иранга өткөн дем алыштагы аткылоосуна жооп кылып, ракеталар менен аткылаганы кабарланды. Бул тууралуу Ирандын мамлекеттик маалымат каражаттары жазышты. Маалыматтарда жарылуулардын үнү Исфахан шаарынан алыс эмес жерде угулганы айтылды.

14-апрелге караган түнү Иран Израилге учкучсуз учак жана ракеталар менен сокку урган. Акыркы окуялар көптөн бери касташып келген эки өлкө ортосундагы түздөн-түз жаңжалдын жаңы деңгээли болуп калды. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG