Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:47

Израил Иранды ракеталар менен аткылады


Исфахан аэропортуна бараткан өрт өчүрүүчү унаалар. Иран. 19-апрель, 2024-жыл
Исфахан аэропортуна бараткан өрт өчүрүүчү унаалар. Иран. 19-апрель, 2024-жыл

19-апрелдин таңында Израил Иранга өткөн дем алыштагы аткылоосуна жооп кылып, ракеталар менен аткылаганы кабарланды.Бул тууралуу Ирандын мамлекеттик маалымат каражаттары жазышты. Маалыматтарда жарылуулардын үнү Исфахан шаарынан алыс эмес жерде угулганы айтылды.

Би-би-си FARS агенттигине шилтеме берип маалымдагандай, жарылуулар Исфахандагы эл аралык аэропорттун жанында, Куралдуу күчтөрдүн базасы тарапта болгон.

Жергиликтүү басылмалар үч жолу жарылуу болгонун маалымдашты.

FARS агенттиги абадан коргонуучу система ракеталарды эмес, учкучсуз учактарды атып түшүргөнүн жазды. Маалыматка ылайык, Израил аскердик радарды бутага алган болушу мүмкүн. Жарылуунун кесепетинен бир катар кеңсе имараттарынын терезелери талкаланган.

Исфахан провинциясында Ирандын бир нече өзөктүк объекттери жайгашканын Reuters билдирди.

Тегерандын жана башка шаарлардын үстүнөн өтүүчү аба жолдору жабылып, каттамдар токтотулганы кабарланды. Тегерандагы Имам Хомейни эл аралык аэропорту убактылуу жабылганы айтылууда.

Mehr агенттиги аба каттамдары Тегеранга, Исфаханга жана Ширазга, ошондой эле өлкөнүн батыш, түндүк-батыш жана түштүк-батышындагы аэропорттор токтотулганын тастыктады.

CNN телеканалы Иран аба мейкиндигиндеги сегиз учак багытын өзгөрткөнүн жазган. Flightradar24 сайтынын маалымдашынча, алардын арасында Emirates жана Flydubai аба компанияларына таандык учактар да болгон.

Ирандын бир катар райондорунда абадан коргонуу системалары иштеп жатканын IRNA агенттиги жазды.

АКШнын расмийлери CBS News, ABC News телеканалдарына Иранга ракета менен чабуулду Израил жасаганын маалымдаган.

Израил өткөн аптада Ирандын аткылоосуна жооп болорун билдирген.

Иран 14-апрелге караган түнү Израилдин аймагына 300дөн ашуун канаттуу жана баллистикалык ракета, дрондор менен абадан сокку урду. Тегеран муну Сириядагы консулдугуна 1-апрелде жасалган кол салуу үчүн "өч алуу" деп түшүндүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG