Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:30

БУУ: Газа эли «гуманитардык тозокто» жашап жатат


Антониу Гутерриш.
Антониу Гутерриш.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) башкы катчысы Антониу Гутерриш Жакынкы Чыгышта Газадагы согуштан жана Ирандын Израилге жасаган чабуулунан улам күчөгөн чыңалуу «толук масштабдуу аймактык конфликтке» айланып кетиши ыктымал экенин эскертти.

18-апрелде БУУнун Коопсуздук кеңешинде сүйлөп жатып ал Израилдин Газадагы чабуулдары сектордо камоолдо калган жай тургундар үчүн «гуманитардык тозок» жаратканын айтты.

«Жакынкы Чыгыш жарга такалган абалда турат. Соңку күндөрү кооптуу эскалация жаралды», — деген Гутерриш бир эле туура эмес кадам же катачылык элестетүүгө мүмкүн болбогон «толук масштабдуу аймактык конфликтти» пайда кылышы мүмкүндүгүн кошумчалады.

Башкы катчынын айтымында, Газада согуш башталган жарым жыл ичинде дээрлик 14 миң баланын өмүрү кыйылды.

Израил Газадагы операциясын былтыр октябрда ХАМАС тобу (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган) кол салып, 1200дөй кишини өлтүрүп, 250гө жакын кишини барымтага алып кеткенде баштаган.

Согуш башталгандан бери сектордо каза тапкандар 33 миңден ашканын ХАМАС көзөмөлдөгөн саламаттык сактоо мекемеси билдирүүдө, курмандыктар 32 миңден ашуун экенин өткөн аптада БУУ да тастыктаган.

АКШ, Катар жана Египет аркылуу жүрүп келаткан сүйлөшүүлөрдөн майнап чыга элек.

ХАМАС Газаны аткылоону токтотууну, Израил барымтадагыларды бошотууну талап кылып жатышат.

1-апрелде Сириянын борбору Дамаск шаарында Ирандын элчилигине коюлган авиа чабуулдан бир нече киши, алардын ичинен Ирандын «Ислам ыңкылабынын сакчылар корпусунун» эки генералы өлтүрүлгөн. Бул үчүн Иран Израилди айыптаган.

14-апрелге караган түнү Иран Израилге каршы жапырт чабуул жасаган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG