Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:04

Грузия президенти гендердик квотага каршы мыйзамга вето койду


Саломе Зурабишвили
Саломе Зурабишвили

Грузия президенти Саломе Зурабишвили аялдардын парламентке шайлануу мүмкүнчүлүгүн чектеген мыйзамга вето койду. Бирок, «Азаттыктын» грузин кызматы 18-апрелде билдиргендей, бийликтеги «Грузин кыялы» партиясы парламенттик шайлоого катышып жаткан партиялардын талапкерлер тизмесиндеги аялдар үчүн каралган квотаны алып салуу тууралуу бул мыйзамга коюлган ветону жокко чыгарат деп болжолдонууда.

«Вето келип түштү, аны юридика маселелери боюнча комитетке жөнөтөбүз. Комитет бул маселени кийинки отурумунда карап чыгат», – деди грузин парламентинин төрагасы Шалва Папуашвили.

Депутаттыкка талапкерлер тизмесиндеги кеминде ар бир төртүнчү киши аял болушу зарыл деген талапты жокко чыгаруу тууралуу мыйзам долбоору буга чейин парламентте колдоо тапкан. 85 депутат «макул», 22си «каршы» деген добушун берген.

Гендердик квотаны алып салуу демилгесин оппозициялык «Гирчи» партиясы көтөрүп чыккан. Анын мыйзам долбоорун башкаруучу «Грузин кыялы» партиясы колдогон. «Гирчи», өз кезегинде, Грузиянын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагалыгына бийлик сунуштаган Георгий Каландаришвилини колдоп берген.

"Грузин кыялын" кремлчил олигарх Бидзина Иванишвили негиздеген. Бул партиянын өкулдөрү Грузия парламентиндеги 150 орундун 84үн ээлеп турушат. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG