Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:25

Украина Орусия оккупациялап алган Крымдагы чабуулун "ийгиликтүү" деп атады


Андрей Юсов.
Андрей Юсов.

Украин аскерлери Орусия оккупациялап алган Крымдын түндүгүндөгү Жанкой шаарында жайгашкан аскердик аэродромго «ийгиликтүү» чабуул жасаганын бүгүн 18-апрелде "Свобода" радиосуна Украинанын Коргоо министрлигинин Башкы чалгын башкармалыгынын басма сөз катчысы Андрей Юсов тастыктады.

Юсовдун айтымында, 17-апрелде жасалган чабуулдун натыйжасында Орусиянын ракетадан коргонуу жана абадан коргонуу системаларынын учуруучу аппараттары, радиолокациялык системалары жок кылынды жана бир нече учак жабыркады.

Социалдык түйүндөрдө аэродромдо жарылуу болуп жатканы тууралуу видеолор тараган.

Украин президенти Владимир Зеленский кезектеги видеокайрылуусунда бул операцияны ишке ашырган аскер кызматкерлерине ыраазычылык билдирип, «туура сокку» деп атаган жана «оккупанттын ар бир жоготуусу Украинага күч берерин» белгилеген.

Украина Орусиянын толук масштабдуу согушуна кабылган алгачкы жылы Батыштагы өнөктөштөрүнөн курал-жарак жагынан жардам алып, күрөшүн жүргүзгөн. Бирок былтыртан бери андай жардам дээрлик токтогон. Украин бийлигинин өлкөнүн аба мейкиндигин Орусиянын чабуулдарынан коргоп берүү өтүнүчү да колдоо таппай келет.

2008-жылы Орусия президенти Владимир Путин "Крым талаштуу аймак эмес. Орусия Украинанын азыркы чек арасын тааныйт", - деп айткан. Ал эми 2014-жылы Крымды аннексиялап алган. 2022-жылы Украинага аймактык доо артып, толук масштабдуу согуш ачкан. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG