Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:06

Викрам Рузахунов Казакстанда сотто көрсөтмө берди


Викрам Рузахунов.
Викрам Рузахунов.

Казакстандагы Январь окуяларында күч кызматкерлери уруп-сабаган кыргызстандык музыкант Викрам Рузахунов Алматы облусунун Конаев шаардык сотунда көрсөтмө берди. Бул тууралуу музыкант Инстаграмдагы баракчасына жазды.

Музыкант сотто мурдагы тергөөдө берген көрсөтмөлөрүн ырастаганын билдирди.

"Адвокаттарым иш боюнча айыпталып кармалган төрт кишинин сотко катышуусун өтүнүшкөн. Азыр эми алардын макамы "айыпталуучу". Алардын бири ооруканага жатып алып, сотко келген жок. Үчөө дары ичиш үчүн улам тыныгуу сурап жатышты", - деп жазды Рузахунов.

Рузахунов сотто төрт саат көрсөтмө бергенин, судья, прокурор, айыпталуучулар жана алардын адвокаттары көп суроо узатышканын жазды.

Рузахуновдун иши боюнча төрт полиция кызматкери кармалганын, ишти Башкы прокуратура кароого алганын 14-апрелде музыкант өзү кабарлаган.

Казакстандын Жогорку Соту Рузахуновдун ар-намысын, кадыр-баркын жана беделин коргоо боюнча ИИМге каршы доо арызын карай элек. Буга чейинки инстанциялар арызды канааттандырган эмес. Рузахуновдун адвокаттары ал тууралуу таратылган маалыматты чындыкка коошпойт деп таанууну жана ИИМди эл алдында кечирим суроого милдеттендирүүнү суранышкан.

2022-жылы Казакстанда январь айындагы кандуу окуя учурунда ошол кезде жеке иштери боюнча Алматыда жүргөн музыкантты күч кызматкерлери кармап кетип, тоноп, катуу сабаган. Ал коомчулуктун кийлигишүүсүнөн кийин гана бошотулуп, Бишкекке жеткирилген. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG