Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:51

18-апрель: Абактагы саясатчы басымга кабылганын айтты, Казакстанда селден жети киши набыт болду


Оппозициялык саясатчы Равшан Жээнбеков сот залында
Оппозициялык саясатчы Равшан Жээнбеков сот залында

18-апрелде Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.

  • Ташиев парламентти “тазалоо” иштери болуп жатканын айтты

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңешти мыйзамсыз иштерге, коррупцияга аралашкан депутаттардан “тазалоо” иштери жүрүп жатканын билдирди. Буга чейин абакта жаткан мурдагы бажычы Райымбек Матраимовго байланышы бар беш депутат мандатынан ажыратылган.

  • Жээнбеков абакта басым болуп жатканын айтты

Кемпир-Абад ишине байланыштуу айыпталып, Бишкектеги №1 тергөө абагында жаткан оппозициялык саясатчы Равшан Жээнбеков ушул эле иш боюнча шек саналып жаткан саясатчы Азимбек Бекназаров экөөнө психологиялык басым болуп жатканын билдирди. Жээнбеков алар жаткан камерага ар кандай адамдар киргизилип жатканын айтты. Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 27 саясатчы, активист жана укук коргоочулар 2022-жылы октябрда камалган. Ушул тапта кармалгандардын ичинен тогуз киши тергөө абагында калды. Калгандары түрдүү жагдайда үй камагына чыккан.

  • Чуулгандуу өлүм боюнча өкүм чыкты

Ысык-Көлдүн Бостери айылында киши колдуу болгон Бекбол Аманкуловдун өлүмүнө айыпталгандарга сот өкүмү чыкты. Ысык-Көл райондук соту 5-апрелде Кылмыш-жаза кодексинин “Адам өлтүрүү” беренеси менен төрт адамды 15 жылдан абакка кести. Алардын жаза өтөө мөөнөтү 2023-жылдын 12-августунан баштап эсептелет. Бекбол Аманкулов Бостери айылында 2023-жылы 6-августка караган түнү көл жээгинде каза болгон. Бул окуя резонанс жаратып, ишти президент көзөмөлүнө алган.

  • Сот Камчыбек Жолдошбаевди камакта калтырды

Бишкектин Биринчи Май райондук соту салык төлөөдөн качуу жана алдамчылыкка шек саналып кармалган Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Камчыбек Жолдошбаевдин камактагы мөөнөтүн 19-июнга чейин узартты. УКМК “Беш-Сары” ишканасынын негиздөөчүсү Жолдошбаев кармалганын 22-февралда билдирген. Экс-депутат “Беш-Сары” компаниясынын негиздөөчүсү жана кожоюну. Анын парламенттин VI чакырылышында депутат болуп турганда айткан талаштуу билдирүүлөрү талкуу жараткан.

  • Украинанын Чернигов шаарында Орусиянын чабуулунан набыт болгондор 18ге жетти

Өзгөчө кырдаалдар кызматы билдиргендей 78 киши жараат алды, алардын үчөө балдар, жалпысынан орус аскерлери шаршемби күнү шаардын борбордук бөлүгүнө үч жолу ракета менен сокку урган, үйлөр, окуу жайлар, ооруканалар жана башка социалдык инфраструктура мекемелери талкаланды. Бүгүн Черниговдо Аза күтүү күнү жарыяланды. Ивано-Франков облусу учкучсуз аппараттардын чабуулуна кабылганын, алардын баары атып түшүрүлгөнүн облустук аскердик администрация билдирди. Фронт тилкесинде соңку суткада жалпысынан 87 жерде кагылышуу болгону, орус аскерлеринин чабуулу Бахмут жана Новопавловск багыттарында көбүрөөк катталганы маалымдалды.

  • БУУнун палестин качкындарына жардам берген агенттиги Коопсуздук кеңешине кайрылды

БУУнун Жакынкы Чыгышта палестин качкындарына жардам берүү жана ишти уюштуруу агенттиги (UNRWA, БАПОР) Израилдин талаптарынан улам жабылып калышы ыктымал болуп жатканын, буга жол бербөө керек экенин айтып БУУнун Коопсуздук кеңешине кайрылды. Агенттиктин башкы комиссары Филипп Лазарининин билдирүүсүндө эгер иш токтосо анын эл аралык тынчтык жана коопсуздук үчүн олуттуу кесепети болушу ыктымал экенин эскертти. Лазарини ондогон жыл бою миллиондогон палестин качкындарга гуманитардык жардам берип келе жаткан агенттикти жоюу боюнча "атайын өнөктүк жүрүп жатканын" белгилеп, эгер буга жол берилсе Газа секторунда гуманитардык кризис курчуп, ачарчылык жайыларын кошумчалады.

  • Казакстанда сел жүргөн аймактарда кеминде жети кишинин өмүрү кыйылды

Ички иштер министринин биринчи орун басары Марат Кожаев ар бир өлүм боюнча кылмыш иши козголуп, териштирүү жүрүп жатканын айтты. Буга чейин казак өкмөтү Атырау облусунун Күлсары шаарында суу ташкындан төрт кишинин өмүрү кыйылганын ырастаган. Абай районунда дарыя суусу жээктен чыгып каптаган айылда төрт кишинин дайыны табылбай жатканы кабарланган. Актөбе облусунда эки баланын өлүмүнө селдин тиешеси жоктугун жергиликтүү бийлик билдирген. Суу каптаган аймактардан коопсуз жакка жүз миңден ашуун киши көчүрүлгөн. 26-марттан бери Казакстандын түндүгүндө жана батышында сел жүргөн аймактарда абал оорлоп, Абай, Актөбө, Акмоло, Атырау, Батыш-Казакстан, Түндүк-Казакстан, Костанай жана Павлодар, жалпысынан 10 облуста өзгөчө кырдаал режими жарыяланган.

  • Грузияда "чет элдик агент" мыйзамына каршы акция уланды

15-апрелден бери борбор калаа Тбилисиде парламенттин жана өкмөттүн имараттарынын алдында уюштуруучулардын айтымында, миңдеген киши чогулуп, «чет элдик агент» мыйзамын кабыл албоону талап кылып жатат. Митингчилер премьер-министр Ираклий Кобахидзе менен жолугушууну талап кылышкан, бирок ал чыккан жок. Мыйзам долбоорун иштеп чыгып, сунуш кылган бийликтеги «Грузин кыялы» партиясы демилгесинен баш тартуу ниети жок экени да кабарланды. 18-апрелде мыйзам долбоору парламентте биринчи окууда кабыл алынды. Жалпысынан үч күн ичинде 27 демонстрант кармалды. Айрым жерлерде полиция менен кагылышуу болуп, митингчилерге күч колдонулду.

"Азаттыктын" бул жана башка жаңылыктарын Telegram жана WhatsApp платформаларынан да окуп туруңуз.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG