Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:48

Улуттук "Манас" театры жаңы имаратка көчтү


Улуттук "Манас" театрынын ачылышы. Бишкек. 18-апрель, 2024-жыл.
Улуттук "Манас" театрынын ачылышы. Бишкек. 18-апрель, 2024-жыл.

Улуттук "Манас" театрынын жаңы имаратынын ачылышы бүгүн, 18-апрелде Бишкекте болду. Ага президент Садыр Жапаров, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов, баш прокурор Курманкул Зулушев жана башка мамлекеттик, коомдук ишмерлер катышты.

Мамлекет башчы Садыр Жапаров "Манас" театры манасчылык, төкмөлүк жалпы эле айтуучулук өнөрүнүн ордосуна айланарын билдирди.

"Манас" театрынын жаңы имараты мурдагы "Манас айылы" этнографиялык комплекси жайгашкан жерге, жаңы курулуп жаткан Ак үйдүн жанына жайгашты. Имаратта 300 орундуу концерттик зал бар.

Кыргызстанда мамлекеттик макамга ээ болгон Кыргыз улуттук “Манас” театры 2021-жылы түзүлгөн. Театрдын ишмердиги үчүн алгач борбордогу Бакен Кыдыкеева атындагы жаштар театрынан кеңсе бөлүнгөн.

“Манас” театры Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан каржыланат. (MZh/ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG