Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:31

Бишкекте мыйзамсыз жүргөн Пакистан, Бангладештин жарандары аныкталды


Пакистандын жана Бангладештин жарандары. ИИМ тараткан сүрөт.
Пакистандын жана Бангладештин жарандары. ИИМ тараткан сүрөт.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы 16-апрелде Бишкекте мыйзамсыз жүргөн Пакистандын 14, Бангладештин 23 жараны аныкталып, административдик протоколдор толтурулганын билдирди.

ИИМ 2024-жылдын үч айында Кыргызстанда мыйзамсыз миграцияны уюштуруу боюнча 59 факты аныкталып, бардык топтолгон материалдар сотко жөнөтүлгөнүн кошумчалады. Бул убакыт ичинде өлкөнүн миграциялык мыйзамдарын бузгандарга 19 млн 97 миң сом айып пул салынган.

Буга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Бишкекте Кыргызстандын миграциялык мыйзамдарын бузуп, мыйзамсыз жүргөн Пакистан жана Бангладештин 64 жараны аныкталганын, мыйзамга ылайык, алар келген өлкөлөрүнө депортация болорун кабарлаган.

Алар коомдук тамактануучу жайларда, жеткирүү кызматтарында, курулуш жана кийим тигүү тармагында ишке орношуу максатында мыйзамдуу түрдө келишкен. Бирок көбүнүн тиешелүү адистиги жок болгондуктан жана айлыктын аздыгынан көйгөй жаралып, виза мөөнөтү өтүп кеткен. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG