Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:50

Кремль Тоолуу Карабактагы аскерлерин чыгарып кетип жатканын ырастады


Орус аскерлери Тоолуу Карабакта. 2020-жыл.
Орус аскерлери Тоолуу Карабакта. 2020-жыл.

Орусия Азербайжандын карамагына толук өткөн Тоолуу Карабак аймагындагы аскерлерин чыгарып кетүүдө. Бул маалыматты 17-апрелде Кремлдин расмий өкүлү Дмитрий Песков тастыктап, «Ооба, бул чындык» деп айтты.

Азери президентинин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Хикмет Гажиев "Эки өлкөнүн жогорку бийлиги 2020-жылдын 10-ноябрында кабыл алган үч тараптуу билдирүүгө ылайык, Орусиянын Азербайжандын аймагында убактылуу жайгаштырылган тынчтык орнотуучуларын биздин өлкөнүн территориясынан мөөнөтүнөн мурда чыгаруу каралган. Азербайжандын жана Орусиянын коргоо министрликтери ошол чечимди ишке ашырып жатышат», - деди.

16-апрелде социалдык түйүндөрдө орусиялык аскердик техниканын сүрөттөрү жарыяланган. Айрым маалымат каражаттары тынчтык орнотуучу контингент Азербайжандан чыгарылып, Дагестанга жөнөтүлүп жатканын жазышкан.

Орус аскерлери Тоолуу Карабакка 2020-жылы кирген.

Азербайжан былтыр сентябрда эки өлкө көптөн бери талашып келген Тоолуу Карабак аймагын өз карамагына толук алгандан кийин ортодогу атышуу дээрлик токтогон. Бул аймакта жашаган 100 миңдей армян улутундагы киши үй-жайын таштап чыгып кетүүгө мажбур болгон.

Чек араны тактоо тууралуу кезектеги сүйлөшүүлөр быйыл жыл башында уюштурулган.

Армения да, Азербайжан да чек ара боюнча канчадан бери уланып келе жаткан, адам өлүмү менен коштолгон тирешке чекит коё турган тынчтык келишимине кол коюуга даяр экенин айтып, бирок бирин бири бул процесстин создугушуна айыптап келишет.

13-февралда армян-азери чек ара тилкесинде атышуу болуп, Армения төрт аскери набыт кеткенин билдирген. Азербайжан “жазалоо операциясын” ишке ашырып, Неркин Ханддагы армяндардын чек ара бекетин “толук жок кылганын”, анткени 12-февралда армян аскерлери Азербайжандын Зангелан районундагы аскердик бекетине ок чыгарып, бир чек арачысын жараат кылганын маалымдаган. Армения Азербайжандын мындай айыптоосун «дезинформация» деп атаган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG