Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:52

Украина Орусиянын чабуулдарынан бир нече кишинин өмүрү кыйылганын билдирди


Украина. Архивдик сүрөт.
Украина. Архивдик сүрөт.

Украинада Орусиянын соңку чабуулдарынан дагы бир нече кишинин өмүрү кыйылганын 15-апрелде жергиликтүү бийлик өкүлдөрү билдиришти.

Донецк облусунда, Орусия ээлеп алган Бахмуттан анча алыс эмес аймакта жайгашкан Северск шаары жекшембинин кечинде реактивдүү артиллериядан аткыланып, 36 жаштан 86 жашка чейинки курактагы төрт кишинин өмүрү кыйылганы маалымдалды. Ушул эле облустун жети айылы да бутага алынып, Очеретино кыштагында бир аял каза болду.

Сумы облусу бир күндө 19 жолу аткыланганы, 76 жерде жарылуу болгону, жекшемби күнү дрондон ташталган жардыргыч зат жүк ташуучу машинага тийип, айдоочусу каза болгону кабарланды.

Фронтто соңку суткада 54 жерде кагылышуу катталганын, алардын эң көбү Донецк облусунда болгонун 15-апрелде Украинанын куралдуу күчтөрүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Украина Орусиянын толук масштабдуу кол салуусуна 2022-жылдын февралында кабылган. Өлкө президенти Владимир Зеленский 14-апрелде да союздаштарына кайрылып кошумча жардам сурады жана «жардам жетпеген ар бир күн көп сандаган кыйроого, өмүрлөрдүн талкаланышына алып келип жатканын» айтты. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG