Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:26

Украина: метродо түнөгөн эл, талкаланган электрстанциясы


Энергетикалык жайга сокку урулган жер. 11-апрель, 2024-жыл
Энергетикалык жайга сокку урулган жер. 11-апрель, 2024-жыл

11-апрелге караган түнү Украинанын бүтүндөй аймагында сиреналар жаңырып турду. Маалыматтарга караганда, орус аскерлери дрондор жана ракеталар менен чабуул коюшту. Алар кайрадан энергетикалык инфраструктураны бутага алганы кабарланды.

Соңку кабарларга караганда, Киевдин четиндеги Триполье Жылуулук электрстанциясы талкаланды. Николаев облусунда эки киши каза тапты.

Бул түндү Киевдин бир топ тургундарына метродо өткөрүүгө туура келди.
Башкалаанын аскердик администрациясынын жетекчиси Сергей Попко орусиялык Ту-95МС учактарынан канаттуу ракеталар учурулушу ыктымал деп элди эскертүүнү көз жаздымда калтырбоого, башкалкалоочу жайларга жашынууга үндөгөн.

Шаардыктар, көбү кары-картаңдар, балалуу үй-бүлөлөр үстөлдөрдө, жерге жайылган матрастарда уктап таң атырды.

Украинанын энергетика министри Герман Галущенко Харьков, Киев, Запорожье жана Львов облустарында энергетика жайларына сокку урулганын билдирди.

Кийинчерээк Киев облусундагы ири Триполье Жылуулук электрстанциясы толугу менен кыйраганы маалымдалды. Жергиликтүү медиа ал жактагы катуу өрттүн видеосун чыгарууда.

Триполье
Триполье


Николаев облусунун жетекчиси Виталий Ким орусиялык соккудан региондо эки киши мерт кеткенин, төртөө жараат алганын жазды. Ага чейин маалымат каражаттары жарылуулардын добушу угулганын кабарлашкан.

Харьков администрациясынын башчысы Олег Синегубов шаардын жана облустун маанилүү инфраструктурасына бери дегенде 10 чабуул коюлганын Телеграм-каналына жазды. Ал жабыркагандар тууралуу маалымат түшө электигин кошумчалаган.

Бийлик облустагы 200 миңден ашуун абонент электр жарыгысыз калганын кабарлады.

Өлкөнүн экинчи ири шаары болгон Харьковдогу жарылуулар тууралуу мэр Игор Терехов да билдирип, электр энергиясы менен камсыздоо үзгүлтүккө учурашы мүмкүн экенин, метро бир нече саат жүрбөй турарын эскертти.

Украин куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы түн ичинде орусиялык 40 дрондун 37си атып түшүрүлгөнү жөнүндө маалымат таратты.
Бир нече жумадан бери Орусия кошуна өлкөсүнүн энергетика объектилерине күн сайын сокку уруп келатат. Министр Галущенконун айтымында, жылуулук электрстанцияларынын 80% жана гидроэлектрстанцияларынын жарымы зыян тартты.

Орусиянын чабуулдары учурунда метро станциясында баш калкалагандар. Киев, Украина, 11-апрель, 2024-жыл.
Орусиянын чабуулдары учурунда метро станциясында баш калкалагандар. Киев, Украина, 11-апрель, 2024-жыл.


Бир күн мурда Харьков облусунда оорукана менен дарыканага дүрмөт тийгенде кеминде 3 киши окко учканын жергиликтүү бийлик билдирген. Олег Синегубов Липцы айылында 14 жаштагы өспүрүм кыз жана эки аял каза тапканын, дагы эки киши жараланганын Телеграмга жазды.

Түнкү соккуларды комментарийлеген украин президенти Владимир Зеленский армия абадан коргонуу системаларына өтө зарыл болуп турганын кайталап, Киевге узун талкуулар эмес, жардам керек экенин белгиледи:

«Бул жерде, ушу тапта биздин орусиялык террорго туруштук берүү жөндөмүбүз менен дүйнө террорду кылмыш деп билерин далилдей алат”, - деп жазды президент Телеграм-каналына.

Орусия согуштун башынан бери жайкын тургундарды бутага алганын танып келатканы менен БУУнун февралдын этегинде чыгарган маалыматына ылайык, эки жылдан бери 30 жарым миңден көп карапайым украиналык жабыркады, анын ичинде 10 жарым миңден ашууну өмүр менен кош айтышты. Алардын 500дөн көбү жашы жетелек балдар. Бирок авторлор бул статистика толук эместигин, уруш жүрүп жаткан аймактардан маалымат алуу кыйын болгонун белгилешет.

Украина: Орусия электрстанцияларын, ооруканаларды аткылады
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:30 0:00

Ал арада Украинанын парламенти мобилизация тууралуу мыйзам долбоорун акыркы окууда жактырды. Оппозиция каршы добуш берген документ колго салынардын алдында андан армияда 3 жыл кызмат өтөгөндөн кийин демобилизация болуу нормасы алынып салды.

Маалыматка караганда, андай өтүнүч менен украин Куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы Александр Сырский кайрылган.

Бийликтин өкүлдөрү жана аскердик жетекчилик армияда кызмат өтөөгө жарактуу кишилердин бардыгын каттоого тургузуу, мобилизациядан бошотулган учурларды так аныктоо, армияны жетиштүү сандагы аскерлер менен толуктоо үчүн жаңы мыйзам керек деп айтып келген.

Буга чейинки маалыматтарда куралдуу күчтөрдүн командачылыгы 500 миңге чейин кишини армияга чакырууну көздөгөнү айтылган. Кийин украин бийлиги мындан азыраак санды айтып келишти.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG