Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:32

8-апрель: Орозо айт намазы аянттарда окулбайт, Оренбургда, Атырауда өзгөчө кырдаал жарыяланды


Бишкектин эски аянтындагы айт намаз, 2-май, 2022-жыл
Бишкектин эски аянтындагы айт намаз, 2-май, 2022-жыл

8-апрелде Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.

"Чет элдик өкүл" мыйзамы: Президент Садыр Жапаров өкмөттүк эмес уюмдарга "куугунтук болбойт" деп билдирди

"Кабар" агенттигине 7-апрелде курган маегинде Жапаров "Сырттан алган каражаты конкреттүү түрдө кайсыл максаттарга жумшалып жатканын мамлекет билиши керек деп айтылды. Менин соцтармактагы сөзүм ушунун алкагында айтылды", - деди. Ал мыйзам кабыл алынгандыктан ага баш ийип иштөөгө чакырды. Жапаров “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамга 2-апрелде кол койгондон кийин Фейсбукка билдирүү жазган. Ал эч кимге куугунтук болбой турганына кепилдик берерин белгилеген жана бейөкмөт уюмдарды буга чейин "Юстиция министрлигинен каттоодон өтпөй, отчет бербей келген" деп айыптаган. Жапаровдун бул сөзү кызуу талкууга түшүп, жарандык коом өлкө жетекчилигин маалыматты бурмалады деп сындаган.

Москвадагы терактта жоголгон кыздардын ДНК анализи чыга элек

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Москвадагы "Крокус Ситидеги" кандуу окуядан кийин дайны табылбай жаткан эки кыргыз кызынын ДНК анализи тууралуу маалымат берди. "Буга дагы бир аз убакыт керек го. Анткени каза болгондордун баарын тактап, он кишинин сөөгү тактала элек. Элчиликтин өкүлдөрү алардын туугандары менен бирге тергөөчүлөргө жолугуп жатышат. Бир-эки күндүн ичинде так билинип калат”, - деди Кулубаев. Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кыргызстандык эки кыз - Эдита Жусупова менен Маиза Гүлжигит кызынын аты-жөнүн каза тапкандардын болжолдуу тизмесине кошкон. 22-мартта Москвадагы концерттик залда болгон терактта 140тан ашык киши мерт болду, жараат алгандардын саны 500дөн ашты.

Чүй облустук соту Асел Ногойбаеванын мурдагы күйөөсүн 20 жылга кесип, 120 миң сом айып салды

Чүй облустук соту Эстебесовго чегерилген катуу тартиптеги абакта 20 жыл жаза өтөө чечимин күчүндө калтырды. Ал эми прокуратуранын өтүнүчүн канааттандырып, Эстебесовду Кылмыш-жаза кодексинин 139-беренесинин 1-бөлүгү ("Өмүргө жана ден соолукка коркунучтуу зомбулукту колдонуу менен коркутуу") боюнча бардык эпизоддо күнөөлүү деп таап, жалпы салынган айыпты 120 миң сом деп аныктады.

26-январда Сокулук райондук соту Азамат Эстебесовду 20 жылга кесип, 80 миң сом айып салып, жабырлануучуга 2 млн сом төлөп берүүгө милдеттендирген.

20-сентябрда Чүйдүн Селекция айылында мурдагы күйөөсү кулак-мурдун кескилеп салган 36 жаштагы Асел Ногойбаеванын окуясы коомчулуктун үрөйүн учурган. Асел буга чейин зомбулук көрүп, милицияга бир нече жолу кайрылган. Кийин ага беш жолу коргоо ордери берилип, райондук сот пробация менен шектүүнү эркиндикке чыгарганы белгилүү болгон.

Орозо айт намазы коопсуздуктан улам аянттарда окулбайт

"Акыркы убакта дүйнөдө болуп жаткан кырдаалга байланыштуу элдин коопсуздугун эске алуу менен Орозо айт намазы өлкөдөгү жума намаз окула турган мечиттерде окулат", - деп маалымдады Муфтияттын басма сөз кызматы. Намаз убактысы эртең менен саат 7:30га белгиленди. Мечиттерге чогулуу саат 6:15те башталып, баяндар айтылат. Мусулмандардын ыйык Орозо айынын соңундагы Айт майрамы 10-апрелде болот. Кыргызстанда бул күн дем алыш деп жарыяланган.

Израил армиясы Газанын Рафах шаарында операция жүргүзүүгө даярдык көрүүдө

Израил өз күчтөрүн Газанын түштүк бөлүгүнөн жекшембиде чыгара баштаган. Бирок коргоо министри Йоав Галлант аскерлер алдында “болочок миссияларга, анын ичинен Рафахтагы операцияга камдануу” максаты турганын билдирди. Премьер-министр Биньямин Нетаньяху Израилдин “жеңишине бир кадам калганын” айтты. Рейтер агенттиги Египеттин медиасына таянып, Каирдеги тынчтык сүйлөшүүлөрүндө “алга жылуу” байкалганын жазды. 7-апрелде Газадагы согуш башталганына жарым жыл болду. Былтыр 7-октябрда ХАМАСтын (АКШ жана Еврошаркетте террордук деп таанылган уюм) согушкерлери Израилдин шаар-конуштарына кол салганда, 1200дөй киши каза таап, 253 адам туткунга алынган. Алардын жарымы бошотулганы менен, калгандарынын тагдыры белгисиз. БУУнун маалыматына ылайык, Газада алты айда 33 миңдей палестиндин өмүрү кыйылып, 2,3 млн элдин 85% качкынга айланды.

Украинанын президенти Владимир Зеленский АКШ жардам бербесе, абал оорлой турганын эскертти

Зеленский АКШ убада кылган 60 млрд доллар аскердик жардамды бербесе, өлкө согушта жеңилүү коркунучуна кептелиши ыктымал экенин айтты. Өкүлдөр палатасы жардам каражатты бөлүү чечимин былтыркы күздөн бери жактыра албай келатат. 7-апрелде United24 деген топтун алдына сүйлөгөндө Зеленский Украина утулса, башка өлкөлөр да жеңилерин белгиледи. Х (мурдагы Твиттер) социалдык тармагына украин президенти Батышты абадан коргонуу системалары, анын ичинен Patriot ракеталарын жиберүүгө чакырды. Орусия бир нече убакыттан бери кошуна өлкөнүн шаарларын аткылоону күчөткөн.

Тажикстандын ТИМи Николай Патрушевдин билдирүүсүн четке какты

Шанхай кызматташтык уюмунун Астанада өткөн жыйынында Николай Патрушев "Украина Тажикстандагы элчилиги аркылуу Орусияга каршы урушка согушкерлерди жалдап жатат" деп айткан. Тажикстандын тышкы саясий мекемесинин басма сөз катчысы Шохин Самади «орусиялык расмий аткаминердин айткандары негизсиз» экенин ТАСС агенттигине билдирди. Самади «коомчулукту адаштыруучу такталбаган билдирүүлөрдү жана комментарийлерди жасабоого» чакырды. 22-мартта Москванын четиндеги “Крокус Сити Холл” борборундагы концерттик залга болгон кол салууга айыпталып камалгандардын сегизинин теги тажиктер. Теракт үчүн жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” террордук уюму өзүнө алганы менен, Орусия анын артында Украина турат деп айтып келатат.

Казакстандагы суу ташкыны: Атырау облусунда өзгөчө кырдаал жарыяланды

Атырау облусунун аймагында табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал режими жарыяланды. Премьер-министр Олжас Бектенов суусунун деңгээли көтөрүлгөн Урал жана Жем дарыяларын тик учак менен кыдырып көрдү. Соңку расмий маалымат боюнча дарыяга жакын аймактан 28,5 миңден көп киши эвакуацияланган.


"Азаттыктын" бул жана башка жаңылыктарын Telegram жана WhatsApp платформаларынан да окуп туруңуз.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG