Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:46

4-апрель: эки келин киши колдуу болду, Forbes тизмесине алты казакстандык миллиардер кирди


Үй-бүлөлүк зомбулукка каршы акция. Иллюстрациялык сүрөт.
Үй-бүлөлүк зомбулукка каршы акция. Иллюстрациялык сүрөт.

4-апрелде Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.

Кыргызстандын медиа платформасы абактагы журналисттерди бошотууга чакырды

Жарыяланган билдирүүдө 11 журналистке коюлган айыптын эч кандай мыйзамдык негизи жок экени, үч ай ичинде аларга тергөө амалдары жүрбөгөнү, тергөөчүлөр ички иштер министри Улан Ниязбеков боюнча иликтөөлөрдөгү маалыматтар кайсы булактан алынганын гана сурашканы белгиленген. “Президенттин камактагылардын көбүн бошотуу ниетине карабастан, 11 адамдын 8и дагы эле темир тор артында калууда", - деп айтылат кайрылууда. Платформа журналисттерди үй камагына же тилкат менен тезинен бошотууга, ишти калыс иликтөөнү талап кылып, журналисттерге репрессиялык чараларды колдонбоого чакырган. 16-январда жапырт кармалган 11 журналисттин сегизи темир тор артында отурат.

Бишкекте үч баланын энеси мурдагы күйөөсүнүн колунан каза тапты

Бишкек шаардык милициясы 34 жаштагы аялдын өлүмүнө шектүү кармалганын билдирди. Биринчи Май районунун милициясынын ыкчам-тергөө тобу окуя болгон жерге барып, келиндин өлүмү боюнча фактыны ырасташкан. Маркумдун артында үч баласы калганы маалым болду. Райондук милиция Кылмыш-жаза кодексинин “Адам өлтүрүү” беренеси менен кылмыш ишин козгоп, 1991-жылы туулган Б.К. аттуу жаранды шектүү катары кармаган.

Жети-Өгүздө 37 жаштагы аялдын өлүмүнө шектүү камалды

Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылынын тургуну аны менен чогуу жашаган аялды өлтүрүүгө шек саналып кармалды. Маалыматка ылайык, 25-февралда Жети-Өгүз райондук милиция кызматкерлери Кызыл-Суудагы таштандынын жанында 35-40 жаштагы аялдын сөөгүп таап, анын денесинен тактарды байкашкан. Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгында ал киши колдуу болгону такталган. Жогорку Кеңеште кыз-келиндердин коопсуздугу тууралуу маселе көтөрүлүп, депутат Таалайбек Сарыбашев мечиттерде аялдардын укугу жөнүндө баян окууну сунуштап, Ички иштер министрлигин (ИИМ) үй-бүлөлүк зомбулукка каршы иш жүргүзүүгө чакырды.

Президент министр Бейшеналиевди айыптаган билдирүүлөргө жооп берди

Президент Садыр Жапаров саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге чара көрүү боюнча Жогорку Кеңеште айтылган сөздөр, депутат Жусупбек Коргонбай уулунун айыптоолору боюнча “Кабар” агенттигине маек берди. Анда Жапаров министр менен эч кандай жакындыгы жок экенин, “жакшы иштеген, коррупция менен уурулукка каршы күрөшүүдө тайманбаган министр болгону үчүн” кызматта кармап турганын билдирди. Жапаров депутаттын министрди айыптаганы тастыкталбаса ал да жазаланарын билдирди.

Украинада дрон чабуулунан адамдар набыт болду, Зеленский 500 миң аскер чакыруу зарылчылыгы жоктугун айтты

Орусия Украинанын бир нече аймагына жалпысынан 20 согуштук дрон учурганы, алардын 11ин атып түшүрүшкөнүн украин армиясы маалымдады. Харьковдо кеминде төрт кишинин өмүрү кыйылды, 12 киши жараат алды. 3-апрелде украин президенти Владимир Зеленский Финляндиянын президенти Александр Стубб менен жолугушкандан кийин аскерге 500 миң кишини мобилизациялоо зарылчылыгы азырынча жоктугун айтты. Украинада аскердик мобилизацияга жарандарды 27 эмес, 25 жаштан тарткан мыйзам күчүнө кирди.

Иранда полиция бекеттерине куралдуу кол салуу болду

Кеминде сегиз киши жок кылынганын, аларды токтотууга аракет жасаган күч кызматкерлеринен бешөө каза болгонун Ирандын мамлекеттик медиасы кабарлады. IRNA агенттиги күч органдарынын дагы 10 кызматкери жараат алганын кабарлады. Айрым маалымат каражаттары аскер жана полиция кызматкерлеринен 11 киши каза болгонун, кол салгандардын 16сы жок кылынганын жазышты. Окуя Ирандын түштүк-чыгыш аймагындагы Систан жана Белужистан провинциясындагы Раск жана Чабахар шаарларында, борбор калаа Тегерандан 1400 чакырым аралыктагы аймакта бейшембиге караган түнү болгону, кол салгандар полиция бекеттерине ок чыгарганы маалымдалды. Тегеран чабуул үчүн «Жайш ал-Адл» («Адилеттик аскери») тобун айыптады.

Forbes рейтинги: Назарбаевдин кыз-күйөөсүнүн байлыгы 10 миллиард долларга жетти

Америкалык Forbes журналынын миллиардерлер тизмесине алты казакстандык киргизилди. Алардын ичинен төртөө өткөн жылы байлыгын арттырууга жетишкен. 2022-жылдын Январь окуясынан кийин Нурсултан Назарбаевдин таасири азайып, жакындары жогорку кызматтардан кол жууган. Ага карабай Кулибаевдер капиталын 1,5 миллиард долларга көбөйтүштү. Бир жыл мурда 8,6 миллиард доллар болчу. 57 жаштагы Тимур Кулибаев менен 56 жаштагы Динара Кулибаева Казакстандагы эң ири коммерциялык банкты көзөмөлдөшөт. Алардын бизнеси көп тармактуу – мунай өндүрүү, курулуш жана соода тармагын камтыйт, "Халык банк" - эң баалуу байлыгы. Быйылкы рейтингинде биринчи орунда LVMH тобунун башкы директору Бернард Арно (233 миллиард доллар) турат. Экинчи орунда Tesla ээси Илон Маск (195 миллиард доллар), үчүнчү орунда Amazon компаниясынын жетекчиси Жефф Безос (194 миллиард доллар) турат. Төртүнчү орунду Фейсбуктун негиздөөчүсү Марк Цукерберг (177 миллиард доллар) ээледи. Миллиардерлердин тизмесине 2781 адам кирип, бул былтыркыдан 141ге көп.

"Азаттыктын" бул жана башка жаңылыктарын Telegram жана WhatsApp платформаларынан да окуп туруңуз.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG