Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:33

3-апрель: Орусияда кыргыз жараны кармалды, АКШ Москвага теракт ыктымалдыгын эскерткен


"Крокус Сити Холлдогу» теракттын курмандыктарын эскерүү
"Крокус Сити Холлдогу» теракттын курмандыктарын эскерүү

3-апрелде Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.

Орусияда кыргыз жараны “терроризмди актоо” беренеси менен кармалды

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, А.Ж.А. аттуу кыргыз жараны "Крокус Сити Холлдогу” кандуу кол салуу жөнүндө сүйлөшкөнү үчүн кармалган. ТИМ бул маселе элчиликтин көзөмөлүндө экенин жана зарыл учурда укуктук жардам көрсөтүлөрүн билдирди. Тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев "Крокус Ситидеги" кандуу окуядан кийин ар кандай себептер менен 69 кыргызстандык Орусияга киргизилбегенин парламентте айтты. "Крокус Ситидеги" кандуу окуядан кийин жоголгон эки кыргыз кызынын ДНК анализдери даяр боло элек.

Кемпир-Абад иши: Абактагылар соттун жабык өткөнүнө нааразылык билдирди

Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып, тергөө абагында отурган тогуз адам судья Марат Сыдыков ишти он айдан бери жабык карап жатканы мыйзамсыз экенин айтып, сотту ачык өткөрүүнү талап кылган. Билдирүү ээлери мындан тышкары сот процесси Кылмыш-жаза кодексинин беренелерин бузуу менен өтүп келе жатканын белгилешкен. Кемпирабадчылар судьянын айыпталуучулардын баарын "эреже бузду" деген негиз менен залдан чыгарып салып, сот процессин айыпталуучуларсыз өткөрүп жүргөнү да мыйзамсыз деп эсептешет.

Депутат Элвира Сурабалдиева Сокулукта зордуктоого кабылган өспүрүмгө басым болуп жатканын айтты

Эл өкүлү парламентте Сокулук районундагы жашы жете элек кыздын зордукталышы боюнча маселе көтөрүп, укук коргоо органдарынын ишин сындады. “Прокуратура көзөмөл кылбай кайда карап жатат? 18 жашка чыкпаган кызга 18 жаштан ашкан эркек жолобошу керек. Ошол нерсени баарыбыз унутуп калдык”, - деди депутат. 20-мартта акыйкатчы Жамиля Жаманбаеванын өспүрүм кызды өткөн жылдын апрель айынан бери 19-22 жаштардагы тогуз эркек зордуктап жүргөнү тууралуу билдирүүсү маалымат каражаттарына чыгып, коомчулукта кызуу талкууну жараткан. Ошондон кийин Чүй облустук милициясы дароо комментарий берип, зордуктоо боюнча иш бар экенин ырастаган.

Министр Бейшеналиевдин иши боюнча депутаттык комиссия түзүлдү

Жогорку Кеңештин депутаты Жусупбек Коргонбай уулу саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин ишин иликтөө боюнча депутаттык комиссия түзүүнү сунуштап, аны бир нече депутат колдоду. Депутат жарым сааттык сөзүндө министрдин айланасында кылмыш дүйнөсүнө тиешеси бар адамдар иштеп жатканын айтып, аны коррупциялык иштерге айыптады. Бейшеналиевдин жана жакындарынын мүлкү 2 млрд сомдон ашарын айтып, президент Жапаровго, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылды. Министр Бейшеналиев депутаттын айткандарын толугу менен четке кагып, Жусупбек Коргонбай уулунун жакынын жумушка орноштуруу жөнүндөгү суранычын аткарбай койгонун билдирди.

WP: АКШ "Крокус Ситиде" теракт болушу ыктымалдыгын Орусияга эки апта мурда эскерткен

АКШнын март айынын башында Орусияда террордук чабуулдар жасалашы мүмкүндүгү тууралуу эскертүүлөрүндө ыктымал бута катары "Крокус Сити Холл" концерттик борбору да аталган. Бул тууралуу 2-апрелде The Washington Post атын атабаган америкалык аткаминерлерге шилтеме жасап жазды. Басылма билдиргендей, теракт ыктымалдыгы жөнүндөгү маалыматты америкалык атайын кызмат Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматына (ФСБ) 6-мартта берген. 22-марттын кечинде Москванын сыртындагы “Крокус Сити Холлго” кеминде төрт киши автоматчан кирип барып, адамдарга туш келди ок чыгарып, өрт койгон видеолор тараган. Соңку маалыматка караганда, каза болгондор 144кө жетти, жараат алгандар кеминде 380 адам. Кылмышка шектүү катары он киши камакка алынды. Алардын сегизи теги тажикстандык экени белгилүү болгон.

Лондондо ирандык журналистке кол салуу болду

Лондон полициясы билдиргендей, 29-мартта бозгундагы журналист Пурия Зераатиге белгисиз бирөөлөр бычак менен кол салган. Ишти контртеррордук башкармалык тергеп жатат, бирок кылмыш кандай негизде жасалганы аныктала элек. Зераати бутунан жараат алганы, кол салууга шектүү катары үч киши аныкталганы, алар окуя болгон жерден машина менен, андан соң бир нече сааттан кийин учакка түшүп качып кетүүгө үлгүргөнү айтылды. Журналист Ирандын бийлигин сындаган көрсөтүүлөрү менен белгилүү эл аралык телеканалда иштейт.

Тайванда магнитудасы 7,4кө жеткен жер титирөө болду

Баштапкы маалымат боюнча, кеминде жети адам каза тапты, 700дөн ашуун адам жараат алды. Бул соңку 25 жылдан берки алгачкы эң катуу жер титирөө экени айтылды. Кеминде 26 имарат кыйрады, 70тен ашуун адамга куткаруучулардын жетиши оор болууда. Тайвандын бийлиги зилзаладан кийин 25 жолу силкинүү катталганын билдирди.

"Азаттыктын" бул жана башка жаңылыктарын Telegram жана WhatsApp платформаларынан да окуп туруңуз.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG