Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:26

2-апрель: Жапаров талаштуу мыйзамга кол койду, Түркияда өрттөн кеминде 29 киши набыт болду


Стамбулдагы өрт чыккан имарат, 2-апрель, 2024-жыл
Стамбулдагы өрт чыккан имарат, 2-апрель, 2024-жыл

2-апрелде Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.

Президент Садыр Жапаров “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамга кол койду

Садыр Жапаров Фейсбуктагы расмий баракчасына пост жазып,талаштуу мыйзамга кол койгонунун себебин түшүндүрдү. Ал жергиликтүү бейөкмөт уюмдар бул мыйзам боюнча чет өлкөлүк өнөктөштөргө туура эмес маалымат бергендиктен алар документке кол койбоону суранышканын, мыйзам өкмөттүк эмес уюмдардын ачык-айкын иштөөсү үчүн керек экенин жазды. Эл аралык коомчулук жана жарандык коом “мыйзам өлкөдөгү бейөкмөт уюмдардын ишмердигин чектеп, талаптарды күчөтөт” деген негизде каршы чыгып, президентти вето коюуга чакырган эле

Депутат Икрамов Ширшовдун командасы планын ишке ашырып жатканын айтты

Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында депутат Тазабек Икрамов Энергетика министрлигинин ишин сындап, электр энергиясына чектөөлөр кайра башталганын, майнинг компанияларды иштетип, элдин эсебинен пайда көрүп жатышканын белгиледи. Эл өкүлү ар кайсы ГЭСтерде майнинг компаниялар иштеп жатканын белгилеп, анын ичинен Камбар-Ата-2 ГЭСинде да майнинг компания отурганын айтты. Энергетика министринин орун басары Атабек Абылгазиев сырттан алынган насыя жана гранттарга көптөгөн иштер жасалып жатканын, ГЭСтерди куруу менен энергетикадагы таңсыктыкты жоюу аракети жүрүп жатканын билдирди. Абылгазиев Кыргызстанда 25 майнинг ферма каттоодон өткөнүн билдирди.

Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан жолуна 8 млрд доллар сарпталат

Темир жолдун курулушуна даярдык иштери аягына чыгып калганын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирип, анын курулушуна 8 млрд доллардай акча жумшаларын айтты. 19-мартта Жалал-Абад шаарында "Кыргыз темир жолунун" башкы директору Азамат Сакиев менен "Кытай темир жолу" корпорациясынын жетекчисинин орун басары Ванг Тунцзен жетектеген делегация жолугушкан. Эл аралык темир жол тилкеси Кыргызстандын аймагында Торугарт - Кош-Дөбө - Казарман - Жалал-Абад багыты аркылуу өтүүгө тийиш.

Ошто жүк ташыган айдоочулар Өзбекстанга кирүү татаалдашканына нааразы

Кытайдан жүк ташыган 100дөн ашык айдоочу коңшу Өзбекстанга кире албай жатканына даттанууда. Алар Өзбекстандын тиешелүү кызматтары жүк алып кирүүгө уруксат кагазын талап кылып жатканын айтып, ушундай эле кагазды кыргыз тарап да өзбекстандык айдоочулардан талап кылууга тийиш экенин белгилешти. Коңшу өлкө автоунаалардан атайын жүк ташып кирүүгө уруксат кагазын 1-апрелден тартып талап кыла баштады.

Татарстанда дрон чабуулунан кыргызстандык жаран жараат алды

Елабуга шаарына жасалган дрон соккусунан алты киши жабыркаган, алардин бири - 17 жаштагы кыргызстандык жаран. Кыргызстандын Казандагы консулдугунун кызматкерлери анын абалынан кабар алып, толугураак маалымат берилери айтылды. Мунун алдында орусиялык ТАСС агенттиги Елабуга жана Нижнекамск шаарларына учкучсуз аппараттардан сокку урулганын жергиликтүү бийликке таянып жазган. Сокку өндүрүштүк ишкананын имаратына тийгенин, андан жети адам жабыркаганын “РИА Новостиге” таянып “Свобода” радиосу кабарлады. Жарылуу болгон учурда тартылып калган тасмалар да интернетке жарыяланды.

WCK уюму Газага гумжардам жеткирген кызматкерлери соккуга кабылганын билдирди

Газада Израил армиясынын соккусунан World Central Kitchen (WCK) эл аралык гуманитардык уюмунун жети кызматкери каза болду. Маалыматты уюм расмий тастыктады. Набыт болгондор арасында Австралиянын, Улуу Британиянын жана Польшанын жарандары бар экени аныкталды. Каргашалуу окуя Дейр-эл-Балаха шаарында болгону, деңиз менен жеткирилген 100 тоннадан ашуун гуманитардык азык-түлүк жардамды калтырып, кампадан чыгып бараткан автомашина аткыланганы маалымдалды. Израил армиясы окуя боюнча «эң жогорку деңгээлде тыкыр териштирүү жүрүп жатканын» билдирди.

Түркияда өрт кырсыгы кеминде 29 кишинин өмүрүн алды

Өрт Стамбул шаарындагы 16 кабат имараттын жертөлөсүндөгү түнкү клубдун ичинен тутанганын Би-Би-Си жазды. Клубда оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатканы жана коноктор үчүн жабык болгону айтылды. Стамбулдун губернатору Давут Гүл журналисттерге маалымат берип жатып кырсыкка эмне себеп болгону азырынча белгисиз экенин, адистер териштирип жатканын айтты.

Сирияда ирандык эки генерал жок кылынганы кабарланды

Дамаск шаарында 1-апрелде Ирандын элчилигине коюлган авиа чабуулдан бир нече киши өлтүрүлгөнүн сириялык жана ирандык расмий адамдар, маалымат каражаттары билдирип, бул үчүн Израилди айыпташты. Каза болгондор арасында Ирандын «ал-Кудс» атайын багыттагы бөлүгүнүн негизги командирлеринин бири Мохаммад Реза Захеди, анын орун басары Мохаммад Хади Рахими жана алардын беш кызматташы бар экенин ISNA агенттиги маалымдады. Дамаск израилдик учактардын чабуулу Голан дөңсөөлөрүнөн жасалганын, бир нече ракета атып түшүрүлгөнүн, элчиликтин эки күзөтчүсү жараат алганын билдирди. Ирандын тышкы иштер министри Хосейн Амир Абдоллахиян чабуулду «бардык эл аралык конвенциялардын бузулушу» деп сыпаттады. Израил эч кандай комментарий берген жок.

"Азаттыктын" бул жана башка жаңылыктарын Telegram жана WhatsApp платформаларынан да окуп туруңуз.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG