Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:04

"Силерди жакшы көрөм, кош болгула!" Москвадагы кол салуунун күбөсү


"Крокустагы" ок менен өрттү көргөн сүрөтчү
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:41 0:00

"Крокустагы" ок менен өрттү көргөн сүрөтчү

Орусияда 22-марттагы кандуу окуя “террордук акт” беренесинин негизинде иликтенип жатат. Өлкөнүн коопсуздук органдары ондон ашуун киши шектүү катары кармалганын билдирүүдө. Кол салуудан каза болгондор 29-мартка карата 144кө жетти. “Азаттык” чабуулдун күбөлөрүнүн бири менен кандуу окуяны эскерет.

"Баарыңарды жакшы көрөм. Мен «Крокус Сити Холлдомун». «Пикник». Бул жерде, концертте атып жатышат. Мен залдамын. Полицияга чалгыла!".

Орусиялык сүрөтчү Алена Казинскаянын концерттик залда кандуу окуя башталгандан кийинки алгачкы кабары мына ушул 10 секундалык аудио эле. Концертке ал досу менен барган.

Адатта социалдык түйүндөргө күнүмдүк жашоосу тууралуу жай кабарлар менен бөлүшүп келген Алена үчүн бул жолу Telegram анын ошол кездеги абалын баяндаган негизги каражатка айланды.

Бир нече күндөн кийин ал Reuters агенттигине маек куруп, ошол мүнөттөрдү эскерип олтурду:

"Мен ок атылып жатканын уктум, петарда эмес экенин түшүндүм. Атайын эффект болуп жатабы деп да ойлоп кеткем, бирок андай эмес экен. Жанымдагы курбу кызыма «Кой, тур, чуркайлы» дедим".

Бир нече мүнөттөн кийин Алена телефону аркылуу «Өтүнөбүз, полицияга чалыңыздар», «Крокус Сити Холл». «Ок атылууда» деп гана жазып жөнөткөнгө үлгүргөн.

Казинская өзү да, курбусу да концерттик залдан качып чыккан, бирок имараттын сыртына чыгуу кооптуу болгон. Анткени ок чыгаргандар имараттын ичине күйүүчү май чачып, өрт койгон.

Ок атуу токтогондон кийин түтүн каптай баштаганын айткан Алена эптеп жөргөлөп отуруп залдан чыгып кетүүгө үлгүрүшкөнүн, ошондон соң даараткана жакты көздөй чуркашканын эскерүүдө:

«Күйүктүн эмес, атылган октун жыты каптады. Күйүк андан кийин, биз жашынып турганда жыттана баштады. Эмнеси болсо да залдын ичинде калбашыбыз керек эле. Коркуп жаттым. Бирок Telegram-каналга жаза бериш керек деп ойлодум. Анткени бири болбосо бири сөзсүз угат, чалат, издейт. Аябай коркуп жаттык. Бир жагынан, ок атуу токтогону менен, экинчи жагынан, түтүн башталды. Бирок кандай болгондо да бир нерсе кылыш керек эле».

Курбулар эптеп даараткана тарапта жашынып, ал жерден аман чыгарына көзү жетпей калганын телефонунан жөнөткөн кыска аудиосунан баамдоого болот.

"Мен силерди жакшы көрөм! Кош болгула", - деген эле ал энтиге сүйлөп.

Аленанын айтымында, жанында үрөйү учуп, айласын таппай тургандар көп болду:

«Адегенде бир дааратканага киргенбиз, ал жак түтөй баштаганынан чыгып, башкасына кирдик. Сырт жакка чыгалы десек эч нерсе көрүнбөйт, баары түтөп. Беш-алты жолу чыгууга аракет кылдык, бирок кайра эле даараткана жакты көздөй кайтып жаттык, себеби эч нерсе дээрлик көрүнбөй калган эле. Киши көп… Селкисин ээрчитип жүргөн бир жигит эшик жакты эстеп калган окшойт, жыла баштаганда биз да аларды ээрчип кеттик».

Болжол менен он мүнөттөн кийин гана Алена кайрадан байланышка чыгып, баары жайында экенин билдирген:

«Мен тирүүмүн. Тез жардамдын машинасындамын. Чыктым. Рахмат».

Дарыгерлердин колуна өткөндөн кийин да чоң апааттан аман калганына ишене албай көпкө отурганын айткан Алена:
«Коопсуз жерге келгенимди башында түшүнө албай турдум. Эки гана ой болуп жатты. Биринчиси – мага тез жардам керек, себеби өпкөм ачышып, тумчуга баштадым, астмам кармап калды. Экинчиси – ал жерден болушунча алыс, машиналардын ары жагына кетишим керек, себеби ак түстөгү кийимчен болгондуктан бутага биринчи алынышым ыктымал деген ой болду. Ошентип жатып эптеп чыгып кеттим», - деп эскерүүдө.

Үйүнө жетер замат Алена баарын кучактап, өзүнө келүүгө аракет кылды. Бирок башынан өткөргөн бул окуядан кийин эл көп чогулган жерлерге баруудан кооптонуп калганын айтууда:

«Билбейм, айта албай жатам. Балким, чакан, кайсы бир алыс жактагы иш-чара болбосо, азырынча эч кандай клубга, концертке барбайм. Корком. Көпкө чейин».

22-мартта Москванын чет жакасындагы «Крокус Сити» борборунда концертке барган көрүүчүлөргө кол салуу болуп, 144 адамдын өмүрү кыйылды.

Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бул кол салуудан кийин дайынсыз болуп жаткан кыргызстандык эки кыз - Эдита Жусупова менен Маиза Гүлжигит кызынын аты-жөнүн каза тапкандардын болжолдуу тизмесине кошту.

Ошол эле учурда Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги министрликтин сайтына жарыяланган тизмеде генетикалык экспертизасы бүтө элек жарандар боюнча маалымат камтылганын белгилеп, кыздарды каза болду деп айтууга азырынча эрте деп билдирген.

Соңку рамсий билдирүүлөр боюнча, кандуу калабадан кийин ондон ашуун киши кармалды, алардын тогузу камакка алынды. Камалгандардын жетөө теги тажикстандык, бирөө теги кыргызстандык, дагы бири самаралык активист экени белгилүү болду.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG