Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:52

Жалал-Абад: күч кызматкерлерин тепкен бала ооруканада жатат


Интернетке тараган видеодон алынган кадр.
Интернетке тараган видеодон алынган кадр.

Кочкор-Ата шаарындагы шектүүнү кармоо учурунда атайын даярдыктагы күч кызматкерлерин тепкен бала ооруканага жаткырылган. Бул тууралуу Кыйноолорго каршы улуттук борборунан “Азаттыкка” кабарлады.

Борбор шектүүнүн 18 жаштагы уулу кайсы ооруканада жатканы жана саламаттык абалы жөнүндө маалымат берген жок.

Кыйноолорго каршы улуттук борбор бул окуя боюнча укуктук баа берүү үчүн Башкы прокуратурага арыз даярдап жатат. Борбор күч кызматкерлери кармоо учурунда шектүүгө жана анын баласына “ырайымсыз мамиле кылган” деп эсептейт.

27-мартта Интернетке тараган видеодон укук коргоо органдарынын беткапчан кызматкерлери бир адамды жерге жаткызып кармап жатканын көрүүгө болот. Ошол тапта дагы бир бала чуркап келип беткапчан адамдарды тээп жиберген. Укук коргоо кызматкерлери экөөнүн тең колдорун кайрып автоунаага салып кеткен. Бул окуя социалдык тармактарда кызуу талкууланып жатат.

Буга чейин Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы видео тууралуу комментарий берип, милиция кызматкерлери 27-мартта шектүүлөрдүн бирин Кочкор-Ата шаарында кармаган учурда ал каршылык көрсөтүп, күч колдонулганын билдирген. Кармоо учурунда күч кызматкерлери тээп жиберген 18 жаштагы шектүүнүн уулу дагы убактылуу кармоочу жайга киргизилип, окуя териштирилип жатканы кабарланган.

Маалымтка ылайык, кармалган шектүүгө каршы Ноокен райондук милициясына О.Т. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал 4-мартта Кочкор-Ата шаарында жеке күзөт кызматынын кызматкерине алты адам зомбулук көрсөткөнүн айтып, чара көрүүнү суранган.

Бул факт кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин “Бейбаштык” беренеси менен катталып, иш козголгон. Кылмыш ишине шектүү катары Ноокен районунун тургуну Н.С. аттуу жаран бир нече жолу тергөөгө чакырылып, бирок ал келбей жүргөнү айтылды. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG