Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:14

Жалал-Абадда дагы коопсуздук боюнча жыйын өттү


Жалал-Абаддагы коопсуздук боюнча жыйын.
Жалал-Абаддагы коопсуздук боюнча жыйын.

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы Орусиядагы “Крокус Сити Холлдогу” кандуу окуяга байланыштуу аймактагы коопсуздук боюнча жыйын өттү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, жыйынга облустун бардык райондорундагы мекеме, ишкана, оюн-зоок уюштурулуучу жайлардын жетекчилери менен күзөт кызматкерлери катышты. Анда коопсуздукту сактоо чаралары эскертилди.

28-мартта Ош облустук ички иштер башкармалыгы жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) коопсуздук чараларын күчөтүп, “экстремист” аталышындагы ыкчам иликтөө, алдын алуу иштерин жүргүзүп жатканын билдирген.

Буга чейин Бишкек милициясы Орусиядагы "Крокус Сити Холлдогу" окуядан кийин шаарда коопсуздук чаралары күчөтүлгөнүн кабарлаган.

22-мартта Москванын чет жакасындагы “Крокус Сити Холл” борборунда концертке барган көрүүчүлөргө кол салуу болгон. Андан кийин борбордон өрт чыккан. Кол салуудан 143 киши каза таап, 190дой киши жаракат алды. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG