Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:48

Үч округда шайлоодо талапкер болуу үчүн 42 киши арыз берди


Борбордук шайлоо комиссиясынын имараты.
Борбордук шайлоо комиссиясынын имараты.

28-мартта Ош, Кара-Суу жана Баткен бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу үчүн талапкерлерди көрсөтүү аяктады.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) маалыматына ылайык, Ош округунан 18 (экөө - аялдар), Кара-Суу менен Баткен округдарынан 12ден (баары эркек) киши шайлоодо талапкер болуу үчүн арыз берди.

Эми алар 31-мартка чейин шайлоо күрөөсүн төлөгөнү тууралуу ырастаманы, жогорку билимин тастыктаган дипломун, иштеген же окуган жеринен маалымкат, талапкер болууну каалаган адам өзү тууралуу маалыматты Боршайкомго бериши керек.

БШК алардын документин 8-апрелге чейин текшерип, талапкер катары каттоо же баш тартуу боюнча чечим чыгарат. Андан кийин шайлоонун үгүт өнөктүгү башталып, ал 27-апрелге чейин уланат. Үч округда шайлоо 28-апрелде өтөт.

Борбордук шайлоо комиссиясы 13-мартта №7 Ош бир мандаттуу шайлоо округунан шайланып келген депутат Айбек Осмоновдун мандатын өзүнүн арызынын негизинде алган. Боршайком 22-февралда Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун агасы Искендер Матраимов (Кара-Суу округу) менен Нурлан Ражабалиевди (Баткен округу) өздөрү жазган арыз боюнча депутаттык мандатынан ажыраткан. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG