Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:09

Израил Газа секторундагы соккуларын улантты


Газа сектору. 2024-жылдын 27-марты.
Газа сектору. 2024-жылдын 27-марты.

Израил армиясы соңку суткада Газада ХАМАС (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук уюм деп жарыяланган) согушкерлеринин турумдарына, туннелдерине ондогон чабуул коюлганын, ал эми сектордун саламаттык сактоо мекемеси жөөт аскерлеринин соккуларынан кеминде 62 адамдын өмүрү кыйылганын бүгүн 28-мартта билдиришти.

Бул чабуулдар АКШнын Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхуга Газада көптөгөн жай тургундар каза болуп жатканы боюнча сынына, Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) атышууну тез арада токтотуу тууралуу дүйшөмбүдө кабыл алынган милдеттүү резолюциясына карабастан жасалды.

Кошмо Штаттар сектордо азык-түлүк жетишсиздиги курч көйгөйгө айланганын, түштүк аймакта Египет менен чектеш тилкедеги Рафах шаарына каршы чабуул жасабоо керектигин, качкындардын көбү азыр ошол жакта баш калкалап турганын эскертүүдө.

БУУ Газада ачарчылык күч алганын, саламаттык сактоо системасынын иши дээрлик кыйраганын белгилөөдө.

Нетаньяху АКШ БУУда добуш берүүдөн карманып, резолюциянын өтүп кетишине мүмкүнчүлүк бергени үчүн өкмөттүк делегациясынын Вашингтонго пландалып жаткан сапарын токтотту.

Ак үйдүн басма сөз катчысы Карин Жан-Пьер бул тууралуу «Израил Рафах боюнча жолугушууну башка күнгө калтырууга макул болду» деп айтты.

Израил аскердик операциясын былтыр 7-октябрда ХАМАС Газа секторунан кол салып, 1200 кишини, анын ичинде аялдарды, улгайган адамдарды жана балдарды өлтүрүп, 250дөй адамды барымтага алып кеткенде баштаган.

Газанын ХАМАС көзөмөлдөгөн саламаттык сактоо мекемеси ошондон бери сектордо 32 миңден ашуун палестиналык жай тургун, арасында аялдар жана балдар набыт кеткенин билдирүүдө.

АКШ, Катар жана Египет аркылуу бир нече аптадан бери жүрүп келаткан сүйлөшүүлөрдөн майнап чыга элек.

Израилдин коргоо министри Йоав Галлант соңку билдирүүсүндө израил аскерлери ХАМАСты жок кылыш үчүн бардык жерге жетерин билдирген. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG