Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:30

Беларус бийлиги бекерчилерди жазалайбы?


Беларустун авторитардык лидери Александр Лукашенко.
Беларустун авторитардык лидери Александр Лукашенко.

Беларуста Ички иштер министрлиги "бекерчилик" беренесин Кылмыш-жаза кодексине кайра киргизүүнү сунуштады. Муну менен Беларус милициясы жумушсуз жүргөн адамды бир жылга абакка кескен советтик тажрыйбаны ишке ашыргысы келет. Өлкөдө соңку жылдары бир топ тармактарда адистердин жетишсиздиги байкалат.

Беларустун Ички иштер министрлигинин өкүлү Дмитрий Резенков бул тууралуу журналисттер менен болгон маалымат жыйынында билдирген:

"Мыйзамдуу түрдө адамды иштөөгө мажбурлоо биринчи кезекте анын өзүнө жана үй-бүлөсүнө, экинчиден, коомго пайда алып келсе, мунун эмнеси жаман? Бул жашоо үчүн каражатка ээ болуу эле да. Ал эми азыр кээ бир адамдар уурулук кылат, ичет, камалат. Андайлар төрт жылда беш жолу соттолгонго жетишет. Мындай учурлар көп".

Расмий маалыматтар боюнча, өлкөнүн борбору Минскиде эле марттын башында 34,5 миңден ашуун жумушсуз катталган. Бул бир ай мурункуга караганда 200 адамга көп.

Экономист Ярослав Романчук Беларустагы жумушсуздуктун бир себеби деп элдин бийлик менен болгон пикир келишпестигин эсептейт:

"Башка көз караштагы жана тоталитардык системанын катаал системасына туура келбеген ар бир адам оболу иштөө укугунан ажыратылат. Мындай шарттарда иштөөнү каалагандар аз. Азыркы система кесипкөй эмес, тил алчаак адистерди даярдайт."

“Настоящее время” телеканалынын маалыматына караганда, Беларустун авторитардык лидери Александр Лукашенконун азыркы режимине чыдабай, бир топ тармактардын адистери өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болушкан.

Дарыгер Станислав Соловей медицина тармагы акырындык менен чөгүп баратат дейт. Ал “Настоящее время” телеканалына курган маегинде өзү репрессиядан улам Беларустан чыгып кетүүгө аргасыз болгонун айткан:

"Гродно медициналык университетинин сайтын карап көрсөк, 6300дөн ашуун дарыгерге талап бар деп жазылган. Дагы медицина тармагы боюнча жүздөгөн окутуучулар керек. Башкача айтканда, 6,6 миңге жакын жаш дарыгерге муктаждык жаралганы белгилүү болду. Мындай муктаждыкты жабуу үчүн жок эле дегенде төрт медициналык окуу жайдын үч жылдагы бүтүрүүчүлөрү толугу менен иштеши керек".

2023-жылы күзүндө Беларусту 30 жылдан бери башкарып келаткан Александр Лукашенко өкмөттөн бюджеттик студенттердин окуу мөөнөтүн узартып, аларды акы төлөнүүчү милдеттүү жумушка тартууну талап кылган. Ошондой эле жаш адистердин чет өлкөгө чыгуусуна чектөө киргизүү сунушу айтылган.

Экономист Ярослав Романчуктун айтымында, кадрлардын сыртка агылып кетишине каршы күрөшүүнүн мындай ыкмалары натыйжа бербейт, экономикалык жактан да негизи жок:

"Лукашенко жана система адамдарды ушундай шарттарда иштетүүгө жасалма мотивация түзүү үчүн баарын кылууга аракет кылып жатат, бирок бул жүзөгө ашпайт".

Эксперттер жумушсуз жүргөнү үчүн жоопкерчилик киргизүүнү натыйжасыз чара катары баалап жатышат. Алар бийлик экономикалык көйгөйлөрдөн улам бекерчилик темасына кайтып келгенин белгилешет.

2024-жылы январда бийлик "жумушсуз" деп эсептелгендердин тизмесин кеңейтти. Мисалы, мындан ары жеке ишкер (ЖИ) катары каттоодон өтүү жетиштүү эмес. Жети жашка чейинки балдарды багып жаткан энелер үч ай ичинде 30 күндөн ашык убакытка өлкөдөн чыкпоого тийиш.

Беларуста 2015-жылы жалкоолукка, социалдык жоопкерсиздикке каршы №3 декрет кабыл алынган. Ага ылайык, эч жерде иштебеген адам кыргыз акчасына которгондо 12 миң сомдон ашуун салык төлөөгө милдеттендирилген.

2017-жылы беларус бийлиги “бекерчилик салыгын” киргизүүгө аракет кылган. Көп өтпөй бул өлкөдө массалык нааразылыктарды жаратып, өкмөт жарлыкты жокко чыгарууга аргасыз болгон.

Минскидеги акциядан бир көрүнүш, 15-март, 2017-жыл. (архив)
Минскидеги акциядан бир көрүнүш, 15-март, 2017-жыл. (архив)

СССРде "Бекерчиликке" каршы күрөшүү түшүнүгү болгон. 1961-жылдын 4-майында СССР Жогорку Советинин Президиумунун «Коомдук пайдалуу эмгектен качкан жана антисоциалдык жашоо образын алып барган адамдарга каршы күрөштү күчөтүү жөнүндө» Указы кабыл алынган. Ага ылайык, иштебегендерди бир жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу жазасы каралган.

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG