Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:21

21-март: Бектур Асанов Стамбулда дарыланат, Киев ракета чабуулуна кабылды, "Ынтымак" чемпион болду


Бектур Асанов сот залында, 2022-жыл
Бектур Асанов сот залында, 2022-жыл

21-мартта Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.

Кемпир-Абад иши: Саясатчы Бектур Асановго Түркияда операция жасалат

15 ай тергөө абагында жатып, ден соолугунан улам 7-февралда үй камагына чыккан Бектур Асановдун омурткасына Стамбул шаарындагы клиникалардын биринде шашылыш операция жасаларын анын жакындары "Азаттыкка" билдирди. Сот Кемпир-Абад иши боюнча айыпталган Асановго 19-марттан 19-апрелге чейин Түркияда дарыланып келүүгө уруксат бергенин адвокаты Кантемир Турдалиев "Азаттыкка" айткан. 9-январда “кемпирабадчылар” ден соолугу кескин начарлап кеткен саясатчыны ооруканага которууну талабы менен "ачкачылык жарыялап, соттук отурумдан баш тартарын” эскертишкен. 10-январда Улуттук госпиталга жаткырылып, 15-январда анын моюн омурткаларына операция жасалган. 30-январда Чүйдүн Молдовановка айылындагы №31 дарылоо мекемесине которулган. Абалы жакшырбаганына байланыштуу сот 7-февралда аны эч жакка чыкпоо тилкаты менен бошоткон. Жакындары саясатчынын абалы оор экенин билдирген.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров майрамдык куттуктоосунда суу маселесине кайрылды

Бишкектин Ала-Тоо аянтында майрамдык салтанатта сүйлөгөндө Жапаров "Учурда планетада суу таңкыстыгы сезилип турат. Бабаларыбыз буга илгери эле маани берип, "суу сыйлаган зор болор, суу кордогон кор болор" деп айтып келишкен" деди. Ал быйылкы жылы ГЭСтер оңдолуп, жаңылары курулуп жатканын белгилеп, өлкө өнүгүү жолунда экенине токтолду. Инвесторлор көбөйүп, коррупциялык көрүнүштөр азайып жатканын, элдин бардар жашоосу үчүн жасалып жаткан иштер жемишин бере баштаганын айтты.

Ооганстандын Кандагар шаарындагы жарылууда кеминде төрт киши набыт болду

Жарылууда дагы 25 адам жараат алганы, окуя «Талибанга» кызмат кылган адамдар New Kabul Bank банкынын жергиликтүү бөлүмүнүн жанына айлык маянасын алууга келгенде болгону кабарланды. Кандагар шаарында «Талибандын» жогорку лидери, молдо Хайбатулла Ахундзада жашайт. Азырынча кол салуу үчүн жоопкерчиликти өзүнө эч ким ала элек. Талибдер бийликке кайтып барган 2022-жылдан бери Ооганстандагы кол салуулар, жардыруулар үчүн айрым согушкер топтор, арасында өзүн «Ислам мамлекети» деп атап алган топ да айыпталып келет.

Киев шаарына ракеталык чабуул болуп, 12 киши жараат алды

Орусиянын ракета чабуулунан 12 киши жараат алганын, алардын экөө ооруканага жаткырылганын шаардын мэри Виталий Кличко билдирди. Атып түшүрүлгөн ракета сыныктары калаанын бир катар аймактарында турак жайларга, ишканаларга, бала бакчага жана автоунааларга кулады. Шевченко районунда өрт чалган көп кабаттуу үйдүн тургундары эвакуацияланды. Киевдин аскердик администрациясы баш калаага бир эле учурда ар кайсы багыттан атылган 30га жакын канаттуу ракета атып түшүрүлгөнүн кабарлады. Расмий маалыматта Орусиянын ракеталык чабуулу үч саатка созулганы айтылат.

Белгороддун "кырдаал чыңалган" аймактарынан чыгып кетүү сунушталды

Украин чек арасынан беш чакырым аралыктагы Грайворон шаардык округунун администрация башчысы Геннадий Бондарев жергиликтүү тургундарды эвакуация болууга чакырды. Ал Ярослав облусу баргандарды кабыл алууга даяр экенин, азык-түлүк жеткирилип турарын айтты. Грайворон округу Украинанын Харьков жана Сумы облустары менен чектешет. Соңку кезде аймак байма-бай аткылоого кабылууда. 20-мартта эки жай тургун каза болгону маалымдалган. Белгород облусунун саламаттык сактоо мекемеси билдиргендей, 12-18-мартта бул аймакка жасалган соккулардан 11 киши каза таап, жараат алгандар 82ге жеткен. Чабуулдар үчүн орус тарап Украинаны айыптаса, Киев комментарий бербейт.

Нобель сыйлыгынын лауреаттары Беларустагы саясий туткундарды бошотууга үндөштү

Катка кол койгондор арасында Нобелдин Тынчтык сыйлыгынын төрт лауреаты, алардын арасында Орусиядан Дмитрий Муратов жана Украинадан Александра Матвийчук, Адабият сыйлыгынын үч лауреаты, арасында беларус жазуучусу Светлана Алексиевич, мындан тышкары башка да тармактар боюнча Нобель сыйлыгын алган 19 киши бар. "Европа соңку он жылдыктарда Беларуста болуп жаткан саясий репрессиянын масштабындай гуманитардык апаатты көрө элек болчу", - деп айтылат катта. Соңку төрт жылда эле катта белгиленгендей, Беларуста саясий куугунтукка 50 миңден ашуун адам кабылса, миңдеген киши кыйноо тартты. Батыш өлкөлөрү Лукашенкону Беларустун мыйзамдуу лидери деп тааныбайт.

Көк бөрү: "Ынтымак" командасы чемпион болду

Республикалык мелдеште Жогорку лиганын финалдык беттешинде Таластын "Ынтымак" командасы Оштун “Достук” командасы менен күч сынашып, 3:2 эсебинде жеңди. Ушуну менен "Ынтымак" тогузунчу жолу (2007-жыл, 2014-жыл, 2017-жыл, 2018-жыл, 2019-жыл, 2021-жыл, 2022-жыл, 2023-жыл) аталган мелдеште утту. 3-орунду“Сары-Өзөн” командасы ээледи. Чүйдүн командасы коло байге үчүн беттеште "Мурас" командасын 7:1 эсеби менен жеңди. Биринчи лигада "Намыс" командасы "Кара-Кулжа" командасын 3:0 эсеби менен утуп, чемпион болду. Экинчи лигада Баткендин "Ак-Илбирс" командасы жеңип чыкты. Легендалар лигасын "Сары-Өзөн" командасы утту. Финалдык беттеш алдында президент Садыр Жапаров ат майдандын курулушуна капсула салды. Жаңы ат майдан Сокулук районунун аймагында - Бишкек-Ош жолунун боюнда курулат. Ал үчүн 215 гектар жер бөлүнгөн, 20 миң орундуу болот.

"Азаттыктын" бул жана башка жаңылыктарын Telegram жана WhatsApp платформаларынан да окуп туруңуз.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG