Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:48

20-март: Аскат Жетиген кайра камалды, Кадыров абактан чыкты, Лаззарини Газага кире албай калды


Аскат Жетиген Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда. 20-март, 2024-жыл.
Аскат Жетиген Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда. 20-март, 2024-жыл.

20-мартта Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.

Аскат Жетиген кайра камалды

Бишкектин Биринчи Май райондук соту ырчы, акын жана активист Аскат Жетигенди 19-майга чейин УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камады. Анын адвокаты Венера Буудайбекова ырчыга 2024-жылдын 15-мартында Фейсбуктагы баракчасында жасаган кайрылуусу боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык баш аламандыктар” беренеси менен дагы бир эпизод боюнча кылмыш ишин козголгонун айтты. УКМК 16-мартта Аскат Жетигенди Кочкор районунан кармап, Бишкек шаарына алып келип, 48 саатка камакка алган. 18-мартта Бишкектин Биринчи Май райондук соту аны эч жакка чыкпоо тилкаты менен бошоткон. Адвокат Буудайбекова буга чейин УКМК ырчынын видео билдирүүлөрүнөн улам “бийликти басып алууга чакырык жасалган” деген айып менен 2022-жылы кылмыш ишин козгогонун айткан.

Милиция жашы жете элек кыз зордукталып жүргөнүн билдирди

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева бир жылдай тогуз эркек зордуктап жүргөн 13 жаштагы кыздын укугун коргоо үчүн Башкы прокуратуранын, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) жетекчилигине кайрылуу даярдап жатканын билдирди. Чүй облустук милициясынын маалыматы боюнча 23-январда Сокулук райондук милициясына 41 жаштагы аял кызы 22-январда мектепке кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканын айтып кайрылган. 11-февралда кыз райондогу мейманканалардын биринен табылып, жашы 13тө эмес, 15те экени, буга чейин үйдөн чыгып кетип жүргөнү аныкталган. Тиешелүү экспертизалар дайындалып, факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “16 жашка толо электер менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер” беренеси менен кылмыш иши козголгон. Милиция тергөөнүн жүрүшүндө шектүүлөр аныкталып, ички иштер бөлүмүнө алып келингенин, иликтөө иштеринин жыйынтыгында мыйзам чегинде укуктук баа берилерин билдирди.

Кубанычбек Кадыров үй камагына чыкты

Бишкектин Биринчи Май райондук соту Кемпир-Абад ишине байланыштуу айыпталып абакта жаткан саясатчы Кубанычбек Кадыровду үй камагына чыгарды. Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин ачык билдирген 30га жакын саясатчы, активисттер 2022-жылы октябрда камалган. Ушул тапта кармалгандардын ичинен 9 киши тергөө абагында калды. Калгандары түрдүү жагдайда үй камагына чыккан. Милиция аларга Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык баш аламандыктар” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен айып таккан. Шектүүлөр мунун баарын саясий куугунтук катары сыпаттаган.

Казакстан Кыргызстандын товарына тыюу салбайт

Казак премьер-министринин орун басары Серик Жумангарин Астананын Кыргызстанда текшерүүдөн өтүп, сертификат жана декларация алган товарларга тыюу салуу боюнча токтом долбоору токтотулганын билдирди. Ал бул тууралуу inbusiness.kz агенттигине айтып, Кыргызстандагы өндүрүмдөрдү тийиштүү талаптарга ылайык текшерүүнү күчөтүү боюнча бирге иш алып барууну сүйлөшкөнүн билдирген. Марттын башында казак өкмөтү Кыргызстанда сертификацияланган товарларга өз аймагында тыюу салууну сунуштаган. Бишкек буга тынчсыздануусун билдирип, муну эки өлкө мүчө болгон ЕАЭБ аймагында атайылап жасалчу тоскоолдук катары баалаган.

БУУнун палестин качкындары боюнча өкүлү Газага кире албай жатканын айтты

БУУнун Жакынкы Чыгышта палестин качкындарына көмөктөшүү боюнча агенттигинин (UNRWA) башчысы Филипп Лаззарини Иерусалимде журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып Израилдин көзөмөл мекемеси (COGAT) Газага барган делегациянын арасынан жалгыз ага уруксат бербей койгонун айтты. Израил Газадагы бул эң ири гуманитардык уюмду ХАМАС (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп таанылган) радикал тобун "калкалап жатат жана анын кеминде 12 кызматкери 7-октябрдагы кол салууга катышкан" деп бир нече жолу айыптаган. Бул айыптоонун айынан уюмга акча бөлгөн мамлекеттер каржылоосун чектеп, жүздөгөн миллион доллар тийбей калган. Былтыр 7-октябрда Израил ХАМАСтын кол салуусуна кабылып, Газа тилкесинде согуш ачкан. Согуш башталганы анклавда карапайым эл ачарчылыкка кептелип, гуманитардык кризис курчуп баратканын эл аралык укук коргоо уюмдары эскертүүдө.

Украина фронтто 80 жолу кагылышуу болгонун билдирди

Украинада соңку суткада Орусиянын чабуулдарынан эки киши набыт болуп, бир нече киши жараат алганын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү билдирди. Маалыматка караганда, Херсон облусунда жай тургундар жашаган кварталдар аткыланганда көп кабат үйлөр, жер тамдар, административдик имараттар жана автоунаалар талкаланды. Днепропетров облусунун Синельников районунда беш киши жараат алды. Соңку суткада фронтто 80 жолу кагылышуу болгонун Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Орусиянын эки облусу дрон чабуулуна кабылды

Белгород облусунда реактивдүү снаряддын соккусунан бир киши каза болгонун, бир өспүрүм жараат алганын ТАСС агенттиги кабарлады. Жалпысынан жапырт аткылоочу RM-70 Vampire системасынын 13 реактивдүү снаряды атып түшүрүлгөнү, алардын бири машина токтотуучу жайда турган автомашиналарга тийгени, жабаркаган бала ооруканага жаткырылганы, бир нече киши жараат алганы кабарланды. Орусия бул чабуулдар үчүн Украинаны айыптоодо.

Пакистанда көмүр шахтасындагы жарылуудан 12 адам каза болду

Кырсык өлкөнүн түштүк-батышындагы көмүр кендеринин биринде болуп, сегиз кишинин өмүрүн сактап калышканы кабарланды. Маалыматка караганда, 20-мартка караган түнү 20 жумушчу жүргөн шахтадагы жарылууга метан газынын топтолушу себеп болгон. Куткаруучулар 12 кишинин сөөгүн алып чыгышты, калган сегиз жумушчу ооруканага жеткирилди.

Казакстан менен Өзбекстан чек арадагы дарыяларга эсептегич орнотот

Эки коңшу өлкө керектеген суунун так көлөмүн эсептөөгө мүмкүндүк берген эсептегичтер орнотуларын Казакстандын Суу чарба жана ирригация министрлиги билдирди. Эки тарап онлайн режимде сууну өз ара керектөө боюнча маалымат алмашат. Учурда адистер суу эсептегичтер кайда орнотуларын карап чечип жатат. Долбоорго эл аралык уюмдарды тартуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканы да кабарланды. Өзбекстан менен Тажикстандын чек арасындагы Түндүк жана Чоң Фергана каналдарында суунун агымын так өлчөгөн «Патар» жана «Сарвак» трансчекаралык ченөө станциялары орнотулган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG