Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:08

Орусиянын алты аймагына дрон чабуулу болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жекшембиге караган түнү Орусиянын бир катар облустарына дрондордон чабуул жасалды. Коргоо министрлиги Москва, Белгород, Калуга, Орлов, Ростов, Ярослав жана Курск облустарынын үстүнөн 35 учуучу аппарат атып түшүрүлгөнүн билдирди. Анын ичинен 17 дрон Краснодар аймагында жок кылынган.

Славянск-на-Кубанидеги мунайды кайра иштетүүчү заводго дрон кулап, өрт тутанган. Бул жерде бир киши каза болгон, маалыматтарда анын жүрөгү кармап калганы кабарланды.

Орус күчтөрү өткөн түнү Украинанын Харьков, Донецк жана Чернигов облустарын зениттик ракеталар менен аткылады. Мындан тышкары Украинанын Абадан коргонуу күчтөрү Одесса облусунун аймагында 14 даана “Шахед” дронун атып түшүрүшкөнүн маалымдады. Бул аймакта эки агрардык ишкана зыян тарткан.

  • Орусия күн сайын Украинанын аймагын аткылоодо. Орусиянын Коргоо министрлиги жалаң аскердик объектилерди бутага аларын билдирип келет.
  • Орусияга дрон чабуулдары да дээрлик күн сайын жасалып жатат. Орусия тарап буга Украинанын Куралдуу күчтөрүн айыптап келет, Киев адатта бул соккуларга комментарий бербейт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG