Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:07

13-март: Атазовдун билдирүүсү, Осмоновдун мандаты, Ирандагы хижаб чыры


Шайлообек Атазов жана Айбек Осмонов. Коллаж.
Шайлообек Атазов жана Айбек Осмонов. Коллаж.

13-мартта Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.

Атазов башкы прокурор Зулушевди сындады

Түркиядан дарыланып келген Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов парламентте билдирүү жасап, анын мандатын алууга башкы прокурор Курманкул Зулушев кызыкдар экенин айтты. Ал кыргыз саясатында эл аралык издөөдө жүргөн мурдагы бажычы Райымбек Матраимов менен байланышы жок кишилер аз экенин белгиледи. Башкы прокурор комментарий бере элек. Бишкектин административдик соту 1-мартта анын мандатын Абдурахманхажи Муртазалиевге берүү боюнча чечим чыгарган. Атазов буга чейин Райымбек Матраимовду ачык колдоп жүргөн.

БШК Айбек Осмоновдун мандатын алды

Ал тапта Борбордук шайлоо комиссиясы өз арызы менен Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Осмоновдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту. Жергиликтүү Region телеканалында Осмоновдун да Райымбек Матраимов менен байланышы бар экени жана мандатын тапшырышы керек экени тууралуу материалдар жарыяланган. Осмонов буга чейин “Азаттыкка” берген комментарийинде Матраимов менен жердеш экенин, бирок эч кандай байланышы жок экенин айткан.

Бишкекте өткөн акциялардын бири жана Жогорку Кеңештин имараты. “Азаттыктын” коллажы.
Бишкекте өткөн акциялардын бири жана Жогорку Кеңештин имараты. “Азаттыктын” коллажы.

ЖМК долбоору артка кайтарылды

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Министрлер кабинети сунуштаган “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоору артка кайтарып алынды. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов Фейсбуктагы баракчасына жазды. Мындай чечим 7-мартта Жапаров баштаган жетекчилер өлкөдөгү 40тай жалпыга маалымдоо каражаттарынын жетекчилери менен жолуккандан кийин кабыл алынды. Жогорку Кеңешке киргизилип, айрым комитеттерден биринчи окууда колдоо тапкан бул документти эл аралык жана жергиликтүү уюмдар сындаган.

Кыргызстан Казакстандын чектөө демилгесине жооп берди

Экономика жана коммерция министрлиги Казакстандын Соода жана интеграция министрлигинин 1-июлдан тарта Кыргызстанда лицензияланган өндүрүмдөрдү өлкө аймагына киргизүүгө тыюу салган токтом долбоору сунушталып жатканына тынчсыздануусун билдирди. Казакстан ЕАЭБ KG (Кыргызстан) номурлары бар шайкештикти баалоо документтери менен коштолгон өндүрүмдөрдү Казакстанга киргизүүгө тыюу салууну сунуштап жатат.

Украинада түнкү чабуулдардан адамдар набыт болду

Донецк облусунун Мирноград шаарына авиабомба ыргытылып, беш кабат үй талкаланды, эки киши каза болду, жараат алган беш кишинин бирөө оор абалда. Жалпысынан шаарда жети үй кыйрады. Сумы облусунда беш кабаттуу турак үйгө "Шахед" дрону тийгени, 15 батир талкаланганы, каза тапкандар жана жарадарлар бар экени, уранды астынан ар кандай жараат алган он кишини алып чыгышканы, жалпысынан Орусия менен чектеш тилкеде жайгашкан бул облустун аймагы түндө жана эртең менен 18 жолу аткыланганы маалымдалды. Орусия соңку эки жылдан бери Украинанын аймактарын оор курал-жарагы менен бутага алып келет.

Вильнюста Навальныйдын шакирти Волковго кол салуу болду

12-марттын кечинде Литванын борбору Вильнюс шаарынын чет жакасында Алексей Навальныйдын шакирти Леонид Волковго кол салуу болду. Бул тууралуу The Insider басылмасы Навальныйдын басма сөз катчысы болуп жүргөн Кира Ярмышка шилтеме берип жазды. Маалыматка ылайык, белгисиз бирөөлөр Волковдун автоунаасынын терезесин талкалап, көздөн жаз агыза турган газ чачып, балка менен чапкан. Ал жаракатынан улам ооруканага түшкөн. 2022-жылы Леонид Волков, Владимир Ашурков, Мария Певчих баштаган Навальныйдын шакирттери коррупцияга каршы күрөшүү боюнча Anti-Corruption Foundation International деген фонд түзгөн. 47 жаштагы Навальный Ямал-Ненец округундагы шарты катаал түрмөдө белгисиз жагдайда каза тапканы 16-февралда белгилүү болгон.

Иранда хижаб маселесинен чыккан чырдын видеосу боюнча бир нече киши кармалды

Кум шаарындагы ооруканалардын биринде жылаңбаш жүргөн келинди видеого тартып алган деген дин кызматкери ортосундагы чырдын видеосу интернетке тарап кеткен окуя териштирилип жатканын «Фарда» радиосу билдирди. Калаа прокурорунун орун басары Рухулла Муслимхани төрт киши камакка алынганын, «коом ичинде ажырым жаратууга багытталган атайын аракет» болгонун, иш Чалгын министрлигине өткөрүлгөнүн билдирди. Өкмөткө жакын Tasnim маалымат агенттиги кабарлагандай, кармалгандарга “видеону Iran International каналына Иран коомунун ичине бүлүк салуу максатында жайылткан” деген айып тагылууда. Бийлик өкүлдөрү видеодогу дин кызматкерин колдогон пикирин билдирди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG