Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:57

12-март: Сегиз журналист камакта, Мамипотека үчүн 100 миңдей киши кезекте, экс-министрдин соту


Журналист Сайпидин Султаналиевди милиция кызматкерлери сотко алып келе жаткан учур. 17-январь, 2022-жыл.
Журналист Сайпидин Султаналиевди милиция кызматкерлери сотко алып келе жаткан учур. 17-январь, 2022-жыл.

12-мартта Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.

11 журналисттин иши: Үчөө үй камагына чыкты, калганы абакта калды

Бишкектин Биринчи Май райондук соту журналисттер Максат Тажибек уулун, Актилек Капаровду, Тыныстан Асыпбековду жана Махабат Тажибек кызын да 13-майга чейин камакта калтырган чечим чыгарды. “Арча Медиада” (мурдагы Next TV медиасында) иштеген Сайпидин Султаналиев, “Нур пресс” медиасынын журналисти Жоодар Бузумов, “Темиров LIVE” редакциясынын, “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери Азамат Ишенбеков, 21 жаштагы кабарчысы Айке Бейшекеева да камакта калды. Журналист Акыл Орозбеков үй камагына, ал эми Жумабек Турдалиев эч жакка кетпөө боюнча тил кат менен абактан чыкты. “Темиров LIVE” редакциясынын, “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери Сапарбек Акунбеков ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыкты. 16-январдан бери тергөө абагында отурган 11 журналист коюлган айыпты четке кагып жатат.

Базарбеков “кемпирабадчыларга” жооп берди

Жогорку Соттун төрагасы Замирбек Базарбеков улуттук “Кабар” маалымат агентигине маек куруп, Кемпир-Абад иши боюнча сотту шектүүлөр өздөрү создуктуруп жатканын айтты. Ал кылмыш иши 60 том экенин, кээде шектүүлөр ооруп калып, же адвокаттары келбей териштирүү созулуп кеткенин билдирди. Жакында эле камактагы саясатчылардын тарапташтары Аксыда, Нарында, Таласта митингге чыгып, аларды бошотууну талап кылышкан. Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 27 саясатчы, активист жана укук коргоочулар 2022-жылы октябрда камалган. Алардын 11и тергөө абагында, калгандары түрдүү жагдайда үй камагына чыккан. Милиция аларды “бийликти басып алууга аракет кылган” деп айыптоодо. Камалгандар аны куру доомат деп аташат.

Президент ЕАЭБде соода жүргүзүүдө тоскоолдук күчөгөнүн айтты

Президент Садыр Жапаров Бишкекте Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы Бакытжан Сагинтаевди кабыл алып, биримдиктин ичинде өз ара соода жүргүзүүдө тоскоолдуктар күчөгөнүн айтты. Жапаров ЕАЭБдин келишиминдеги товар, кызмат көрсөтүү, капитал жана жумушчу күчтүн эркин кыймылы боюнча жоболор кыйынчылык менен ишке ашырылып жатканын белгиледи. Кыргызстандан сыртка жүк негизинен Казакстан аркылуу ташылат. Казак тараптагы ар кандай чектөөлөрдөн улам жүк ташууда тоскоолдуктар арбын.

Мамипотекада 100 миңге жакын адам кезекте турат

Расмий маалымат боюнча, Кыргызстанда 2023-жылы эле турак жай алуу үчүн 38 миң 209 адам Мамлекеттик ипотекалык компанияга кезекке турган. Электрондук порталга ушул тапта 100 миңге жакын адам (99 миң 931) кезекке жазылган. 2015-жылдан бери мамлекеттик ипотека менен 18 миңден ашык киши үйлүү болду. Мамлекеттик ипотекалык компания 2015-жылы өкмөттүн демилгеси менен элдин турак жай алуу мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу максатында түзүлгөн.

Израил жана ХАМАС мунасага жакындай элек экени маалым болду

Израил менен ХАМАС тобу (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп таанылган) Газа тилкесинде ок атууну токтотуу жана барымтадагыларды бошотуу боюнча мунасага жакындай элек экенин сүйлөшүүлөргө ортомчу болгон Катар өлкөсүнүн өкүлү билдирди. Арачылар АКШ, Катар жана Египет Рамазан айында ок атууну убактылуу токтотууга жетишүү аракетин көрүшкөн. Израил Газа тилкесинде согушту былтыр 7-октябрда ХАМАСтын согушкерлери кол салып, 1200 кишини, анын ичинде аялдарды, улгайган адамдарды жана балдарды өлтүрүп, 250дөй адамды барымтага алып кеткенден кийин баштаган. Газанын ХАМАС көзөмөлдөгөн саламаттык сактоо мекемеси беш айдан бери блокадада калган анклавда 30 миңден ашуун палестиналык жай тургун, арасында аялдар жана балдар набыт кеткенин билдирүүдө.

Украинада Орусиянын чабуулдарынан бир нече кишинин өмүр кыйылды

Украинанын абадан коргонуу системалары Орусиянын 22 дронунун 17син атып түшүрүүгө үлгүргөнүн жергиликтүү бийлик өкүлдөрү билдирди. Харьков облусунда бир киши каза таап, дагы үч киши жараат алды, Изюм районунда жарылуудан бир кишинин өмүрү кыйылды, Чугуев районунда бир аял жараат алды, үйлөр талкаланды. Купянск шаарында турак жай талкаланды. Донецк облусунда имараттар талкаланды, беш киши жараат алды, газ жана электр түйүндөрү иштен чыгып, эки миңдей үй-бүлө электр жарыгысыз калды. Запорожье облусунда 45 жаштагы бир кишинин өмүрү кыйылды.

Орусия онго жакын аймагы дрон чабуулуна кабылганын билдирди. Мекеме бул үчүн Украинаны айыптап, Белгород облусуна ракеталык сокку урулганын кабарлады. 25 учкучсуз учак «жок кылынганы», дрондордун 11и Курск облусунун, жетөө Белгород жана калгандары Брянск, Ленинград, Москва, Орел, Тула облустарынын аймагынан кармалганы айтылды. Киев бул боюнча комментарий берген жок.

Казакстан: Аялынын өлүмүнө айыпталган экс-министрдин сотун ачык өткөрүү талабы коюлду

11-мартта Астананын район аралык тергөө сотунда Казакстандын мурдагы улуттук экономика министри Куандык Бишимбаевдин иши боюнча алгачкы угуу башталды. Журналисттер жараянга сот залынан эмес, башка бөлмөдөгү монитордон көз салууга мажбур болушканы, айыптоо бүтүмү окулуп жаткан учурда байланыш улам үзүлүп, тоскоолдук жаратканы айтылды. Бишимбаев жарандык никедеги аялы Салтанат Нукенованы өзгөчө мыкаачылык менен кыйнап өлтүргөн деп айыпталууда. Өзү коюлган айыпты четке кагып жатат. Адвокаттары ал кылмышты атайылап жасабаганын айтышты. Окуя былтыр ноябрь айында болгон. 11-марттагы соттук отурумга маркум келиндин жакындары да киргизилген жок.

Хоккей: Кыргызстан Люксембургду 7:3 эсеби менен утту

Хоккей боюнча дүйнө чемпионатынын 3-дивизионунун А группасынын алкагында Түркмөнстан курамасы Түштүк Африка Республикасын 4:3 эсеби менен жеңди. Таиланд курамасы Мексиканы 5:0 менен утуп, жалпы алты упай топтоду. Мелдеш жадыбалында Таиланд курамасы алты упайы менен биринчи орунда турат. Экинчиде үч упай топтогон Түштүк Африка Республикасы, андан кийин ушундай эле упай менен Түркмөнстан төртүнчү, Кыргызстан бешинчи орунда.

"Азаттыктын" бул жана башка жаңылыктарын Telegram жана WhatsApp платформаларынан да окуп туруңуз.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG